Дан азыктарына, тамак-аш продуктуларына бааны төмөндөтүүгө мүмкүн эмес. Андыктан бюджеттин эсебинен социалдык жактан коргоого муктаж адамдарга жардам берүү керек. Бул маселени ушул жумада болуучу өкмөттүк күнү кароого сунуштайм, деди Сариев. Ал эми депутат Асамидин Марипов кымбатчылыкка байланыштуу бюджеттик мекемелердин айлык маяналарын тез арада көтөрүү зарылдыгын белгиледи. (AJ)