Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: АКЫЙКАТЧЫНЫН ДУШМАНЫ КӨП БОЛОТ ЭКЕН


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жакында Ысыккөлдөгү убактылуу кармоо жайларын кыдырып, ал жердеги мыйзамдуулуктун сакталышы кандай абалда экенин билип таанышып кайтты. Акыйкатчы «Азаттык» менен ошондой эле Ооганстанда талибдердин колунда барымтага алынган Түштүк Корея жарандарын куткаруу үчүн ортомчулук милдетти аркалоо жөнүндө сунушуна президент жактан эч кандай жооп болбогондугун, азыркы кымбатчылык шартында карапайым калкты социалдык коргоо жагындагы маанилүү маселелер жөнүндө дагы ой-пикир бөлүштү.

- Өткөн аптада сизди Ички иштер министрлигинин Караколдогу убактылуу кармоочу жайларын кыдырып чыкты деп уктук. Ал жерде жагдай кандай экен?

Былтыр кыдырганда бир топ сунуштарды айттык эле, кээ бирлери аткарылыптыр, бирок көбү аткарылбаптыр. Мисалы, Ысыккөлгө кирип барганда эле Ысыккөлдүн көркүн ачкан борбору деп Чолпоната шаары деп эсептелинет. Кечээ кармоочу жайларга кирсек 30 кишинин ордуна 52 киши отурган экен. Отурган шарттары оор, таза аба кирбейт, табигый жарык түшпөйт. 30 кишиге эле тамак берилип, калган жыйырма эки адамга тамак берүү кыйын болууда. Милицияны кыдыргандан кийин прокуратурага, сотторго жолугуп, алардын ишмердүүлүгүн текшерип, ушул маселени көтөргөндө бардыгы жергиликтүү бюджетке такалып атат деп айтышты. Жергиликтүү бюджет боюнча Ысыккөл районунун акими Турусбек мырза менен сүйлөшсөк, азыр эки деңгээлдеги бюджетке өтүп атышканын, райондо ооруканаларды, милицияны каржылаганга акча жок экендигин билдирди. Ушул маселени өкмөт жакшы ойлонбоптур дейт. Бул маселени өкмөт менен депутаттар чогуу чечиш керек деп ойлойм. Кээ бир райондогу мекемелерди район тейлеш керек, айыл өкмөттөрү тейлей албайт.

- Ооган согушкерлеринин барымтасына алынган Түштүк Корея жарандарын бошотуу боюнча демилгеңиз эмне болду, президенттен жооп болдубу? Айрым кесиптештериңиз муну Бакир уулу өзүн көрсөтүү үчүн жасаган жөнү жок аракети деп да сындап жиберишпеди беле. Мындай демилге көтөрүүгө сизге эмне түрткү болду?

- Көралбагандар көп. Өзүңөр жакшы билесиңер, кыргыздарда көбүнчө бири-бирин чукулап жүрүшөт. Барымта маселеси 99-жылы ийгиликтүү чечкенден кийин көралбагандар көбөйдү. Азыр ушул сунуш түшкөндөн кийин мен чындап эле президенттен күтүп аттым эле уруксат береби, бербейби деп. Президенттик администрациядан бир да жооп болгон жок, сүйлөшөм деген адам чыккан жок. Ошондуктан мен чет өлкөдөн келген адамдарга баралбайм го деп айттым. Себеби бул маселени мен жалгыз чече албайм, Кыргызстандын барымтага алгандарга эч тиешеси жок, ошондуктан мамлекет башчысынын уруксаты керек.

- Сиздин мыйзамда көрсөтүлгөн иш мөөнөтүңүз мына быйыл аяктоо алдында турат. Акыйкатчылык кызматка кайрадан талапкерлигиңизди сунуштоо оюңуз болуп атабы, кандай карап атасыз азыр?

- Мен өзүмдү өзүм көрсөтпөйм. Дүйнө практикасында экинчи жолу акыйкатчы болгондордун тизмеси деле бар. Беш жылдык мөөнөттө ушунчалык душмандар көбөйөт экен, кечээги достор да душман болуп калат экен. Адамдар укугун коргойм деп өзгөчө бийликтегилерге, акчалуу адамдарга жаман көрүнөт экенсиң. Ошондуктан депутаттар сунуш кылса мен ойлонуп көрөм, бирок өзүмдү-өзүм көрсөткөндөн мен алысмын.

- Парламент бүгүн сессиясын баштаганы жатат тыныгуудан кийин. Кайсы маселелер парламенттин көзөмөлүнө өзгөчө муктаж деп ойлоп жатасыз сиз азыр ушул тапта?

- Биринчи кезекте Кыргызстандан биздин жарандардын башка өлкөлөргө кетүү проблемасын чечүү керек. Мындай болсо Кыргызстанда кыргыздар калбай калышы мүмкүн. Ошондуктан ички маселелерди тезирээк чечип бериши керек. Өзгөчө иш менен камсыз кылуу жана жашоо деңгээлди көтөрүү боюнча. Ал үчүн ойлойм, биринчиден ылайыктуу мыйзамдарды, токтомдорду Жогорку Кеңеш кабыл алыш керек, аны өкмөт токтоосуз аткарыш керек. Экинчиден, ар бир өлкө жылына минималдык керектөөчү бюджетти аныктайт. Биздин мыйзамда бул жазылган. Бирок 1996-жылдан бери Кыргызстандын өкмөтү Жогорку Кеңешке ушул сунушту бербептир. Мен каттарды текшерип өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жөнөттүм. Бизде азыр минималдык айлык 100 сом. Ошонун эсебинен бизге пенсия, пособие, айлык баары эсептелет. Азыр 100 сомду кыйла көтөрүш керек. Биздин эсебибиз боюнча бүгүнкү күнү орточо жашоо үчүн ар бир жаранга 1700-1800 сом керек экен. Минималдык айлыкты көтөрүш керек, минималдык керектөөчү бюджетти аныкташ керек. Ансыз жашоо деңгээли базар шарттарына туура келбей атат.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG