ПХЕНЬЯН. Түндүк Кореянын билдирүүсүнө караганда, АКШ аны террорчулукту колдогон мамлекеттердин кара тизмесинен алып салууга жана ага каршы санкцияларды токтотууга убада берди. Кечээ АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Кристофер Хилл Пхеньян өзүнүн атомдук программасын ушул жылдын соңуна чейин токтотууга убада бергенин билдирген.