Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

ЧӨЛ КӨЙГӨЙҮ МАДРИДДЕ ТАЛКУУЛАНУУДА


Испаниянын борбору Мадридде бул күндөрү дүйнөдө чөлгө айланган аймактардын аянты көбөйүшүн токтотуунун жолдорун талкуулаган эл аралык жыйын өтүүдө. Ага дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүнөн 2000дей делегат чогулду. Эки аптага созулуучу жыйын – айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ушул айда өтүүчү маанилүү эл аралык кеңешмелердин бири.

Улуттар уюму быйыл июнь айында жарыялаган иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, дйнөдө чөлдүү аймактарынын аянтынын көбөйүшү дээрлик 200 миллионго жакын адамдын турмуш-тиричилигине таасир этет. Чөл каптоодон өзгөчө жабыр тартуучу чөлкөмдөр катары Африканын Сахарадан түштүк тарапта жайгашкан аймактары жана Борбор Азия аталган. Эсептөөлөр боюнча чөлдүү аймактардын аянтынын көбөйүшү дүйнөнүн кирешесин жылына 65 миллиард долларга азайтат экен.

Андыктан, Мадриддеги эл аралык конференциянын максаты – жогорудагы көйгөйдүн себептерин анализдөө, бул багытта каржылануучу иштерди аныктоо жана он жылга эсептелген стратегиялык планды жактыруу. Ал планда көйгөйдү чечүүнүн жолдору жана белгиленген максаттарга жетүүнүн реалдуу мөөнөтү көргөзүлүшү керек.

Айтор, соңку айларда эл аралык коомчулук айлана-чөйрөнүн проблемаларына кобүрөөк көңүл бурууда. Маселен өткөн аптада эле Венада 158 өлкөдөн чогулган делегаттар климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы макулдашуунун даярдоонун жолдорун талкуулашты. Ал документ буга чейин кабыл алынган, бирок кээ бир өлкөлөр кошулбаган же ратификациялабаган Киото протоколун алмаштырышы керек. Климаттын өзгөрүшү боюнча ушул айга да эки эл аралык кеңешме белгиленүүдө. Алардын бири Вашингтодо болот, конок ээси - АКШнын президенти Жорш Буш. Экинчиси Нью-Йоркто, Улуттар уюмунда өтөт.

Улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча кеңсесинин жетекчиси Иво Де Бур өткөн аптада Венадагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө айлана-чөйрөгө көңүл бурулушу эл аралык коомчулукта маанай өзгөрө баштаганын белгиси экенине токтолду:

- Маанайда өзгөрүү бар. Талкуунун мөөнөтү аяктап, эми сүйлөшүүчү кез келгенин айтып жаткан кадыр-барктуу өлкөлөр бар. Бирок, муну азырынча баары эле айта элек. Андыктан, менимче Улуттар уюмунда күтүлүп жаткан иш- чара биз муктаж болгон импульсту алыш үчүн өтө маанилүү.

Климаттын өзгөрүшүн адистер айдоо аянттарынын тез эле чөлгө айлануусундагы себептердин бири катары карап келишет. Ал эми башкы себептердин бири – айыл-чарба жумуштарын жүргүзүүдө азыр колдонулуп жаткан ыкмалар, туура эмес ирригациялык система.

Дүйнөнүн айыл-чарбасы азыр сууну арбын талап кылат. Айдоо аянттары деңиздин суусу менен да сугарылган учурлар көп кездешет. Туздуу суу сиңген кыртыш нымдуулукту сакташ үчүн ар убак химикаттарды талап кылат. Ал химикаттардын тигил же бул чөлкөмдө айдоо аянттарынын жаандын суусун сиңирүү жөндөмдүүлүгүн барган сайын азайтып, акырындык менен чөлгө айлантууда. Мындай көрүнүш Аралдан Жер Ортолук деңизге, Түндүк Америкага чейинки аймакта кездешет.

Айтор, Улуттар уюму чөлдүү аймактардын көбөйүшүнө каршы эмитен чара көрүлбөсө жакынкы он жылда эле 50 миллиондой адам аргасыз жер которууга мажбур болорун эскерткен эле.

Мадридге жыйналган эксперттер жерди башкаруу саясатын, сугат ыкмаларын жакшыртуунун жолдорун иликтешмекчи. Айдоо аянттары чөлгө айлангандан кийинки майнапсыз аракеттерге караганда, алдын ала чара көрүү, албетте арзан жана жеңилирээк болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG