«Кытай мамлекетинин чегарасынан 7 километрден ары Кыргызстандын автомашиналарына кирүүгө тыйуу салынган. Ал эми бизде кытайдын жүк ташуучу автомашиналары Бишкектин көчөлөрүн ээн-элкин аралап жүрөт. Кытайдын жүк тарткан ар бир машинасы менен 4-5 кытай жараны Кыргызстанга кирүүдө. Ош, Кара-Суу базараларында кытайдын автомашиналарынан жүк түшүрүп жатканда кытай жарандары документсиз түшүп, милийсалар тарабынан кармалып, кайра жогору жактан бошоткула деген буйрук келди деп бошотуп жиберген фактыларга күбө болуп жүрөбүз»,- деп жазды бүгүнкү «Кыргыз туусу» гезитине «Айдоочу» коомдук бирикмесинин төрагасы Токторов аттуу жаран.
Токторов мырза кытай жарандарынын Кыргызстанга жабык-жашыруун жолдор менен агып кирип жатышын көмүскө колдогондор бар экенин, мындай кылмыштуу ишке туристтик фирмалардын да кошулуп атышын, алтургай акыркы күндөрү Ош, Кара-Суу базарларында араба түртүү жумуштарын да кытай жарандары баса баштаганын… мына ушулар, башка дагы толгон-токой маселелер менен Ош облус губернаторуна, ЖК төрагасы Марат Султановго, өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге кат жазып кайрылганын, бирок аталган атка минерлердин эчкимисинен жооп болбогонун…эми жакында президентке кат жолдогонун баяндаган.
Ошентип жайкы эс алуудан кайтып келген гезиттер кайрадан жарык көрө баштады. Бүгүн кыргыз тилдүү басылмалардын арасынан окурмандарга кеңири белгилүү «Агым» гезитинин каникулдан кийинки алгачкы саны басылып чыкты. Гезиттен депутат М.Эшимкановдун «Швейцарияга баргандан баш тарттым. Акүйгө дооматым жок» деген баштемада баарлашуусун, губернатор Ж.Сатыбалдиев менен ЖК депутаты А.Келдибековдун жакалашкандыгы жөнүндө кабарды, А.Атамбаевдин отставкага кетер-кетпестиги тууралуу ой-пикирлер топтомун окуса болот. Анткен менен гезиттеги өзөктүү материал экономика илим доктору, профессор А.Сарыбаевдин гезит кабарчысынын суроолоруна жообу экенин белгилей кетели.
Белгилүү экономист ШКУ саммит учурундагы көчө көрнөгүндө «Жолду баскан арбытат» деген элдик накыл сөздүн ээси катары алдында «К. Бакиев» деп жазылып, илинип турганын, мындай жасакерлик өлкө башчысына аброй апкелбесин, айрым кошоматы башынан ашкандар бул саммит президент Бакиевдин баркы үчүн Бишкекте өтүп жатат дегенге дейре барышканын, чоң жыйында кашайып кайран кыргыз тилинин кадыры дагы бир жолу жерге түшкөнүн, саммит тургай борбордо бир дагы жыйын кыргызча өтпөй калганын, Бакиев админстрациясы деле, өкмөт мүчөлөрү деле кыргыз болуп туруп кыргызча сүйлөбөй калышканын, дагы бир жагдай, өз улан-кыздарыбыз жумуш таппай темселеп жүрсө саммиттин курулушун кытайлар куруп, акчасын биз төлөгөнүбүздү, демек, биз кытайдын экономикасы үчүн иштегенибизди, жылан чакпай,жылкы теппей эле жергиликтүү коррупционерлердин кызыкчылыгы үчүн энергетика тармагы менчикке сатылып, өздүк наркы 11 тыйын болгон электр баасы ар бир үйбүлөдөн киловтт саатына 62 тыйындан кагып алып жатканын, коррупция деген 2-3 эсеге өскөнүн, бүгүн кыргыз бийлиги ыйманына камчы чаппаган, кыргыз деп күйгөн, таза, акниет кызматкерлерге эмес тескерисинче алдым-жуттум шылуундарга, параны көбүрөөк берген коррупционерлерге муктаждыгын, кыскасы мамлекет бюджетинин 40 пайыздан ашууну башкаруу аппаратына жумшалып жатышы Кыргызстанды инфляциянын классикалык жолуна сүйрөп баратканын кеңири баяндады.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ