Анын ичинен изи сууй элек беш кылмыштын бети ачылган. Мындан тышкары Ички Иштер бөлүмүнүн оперативдик кызматкерлери тарабынан мурда жасалган жети кылмыштын бети ачылган. Республика боюнча 2007-жылдын 3-сентябрында он тогуз жол кырсыгы катталды. Он сегиз адам жаракат алып, бирөө көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. (ESu)