29-августта Исламабад-Бишкек чартердик багытындагы Кыргызстандын Galaxy Air компаниясынын Ил-18 үлгүсүндөгү учак 142 жүргүнчүсү менен Исламабаддын абамайданына шашылыш кондурулган. Пакистандын массалык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, учуу маалында КММАда окуган пакистандык студенттердин (алдын ала маалымат боюнча аба жетишпей 13 адам) денсоолугу начарлап учак конууга мажбур болгон. Алар Исламабаддагы ооруканага жаткырылган. Ошондой эле жүргүнчүлөрдөн кырк адам ашык салынганы, жүктөр да көп салынганы маалымдалган. Бул маселенин чоо-жайын иликтөө багытында Пакистандын авиациалык кызматы менен Тышкы иштер министрлиги тыгыз иштөөдө, деп билдиришти аталган министрликтин басма сөз кызматынан. (AJ)