Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

14:15 Президент өкмөттүн айрым иштерин сынга алды


Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда өткөн өкмөттүн жыйынында мамлекет башчысы бюджеттик салык саясаты менен акча-кредит саясатында иш солгун жүрүп жатканын, баалардын кымбаттаганына эки айдын жүзү болсо дагы буга байланыштуу өкмөт менен Улуттук банк өз көз караштарын билдирбегенин айтып сындады. Жыйында инфляциянын көтөрүлгөнү, дан азыктарына жана тамак-аш продуктуларына баалардын жогорулашы талкууланып, президент бул маселеге байланыштуу өкмөт тез аранын ичинде чечкиндүү чара көрүүсү керектигин белгиледи. Ошондой эле өлкө аймагындагы саламаттык сактоо тармагындагы жана малдын ылаңына байланыштуу маселелерди тез арада оңдуу чечүүнү өкмөткө жана тиешелүү министрликтрге тапшырды. Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, өлкөдө баалардын кескин көтөрүлүшүнө негизинен дүйнөдөгү баалардын жогорулашы таасир этүүдө. Анын кесепеттерин жоюу максатында соцфонд 1-октябрдан баштап пенсияны 10 пайызга жана майыптар үчүн жөлөк пулдарды көбөйтөт. Ал эми бюджеттик мекемелердин айлык маянасы келерки жылдын 1-январынан баштап жогорулатылат, деди Жапаров. (AJ)

XS
SM
MD
LG