Лондондун метро каттамдарында 12 линиянын онунда кызматкерлер иш таштоого чыгып, бүгүн таң эртеден бери шаарда ыңгайсыздык күчөдү. Кошумча транспорт каттамдарын, автобустарды ишке киргизишкени менен шаардыктарга бүгүнкү кырдаал бир топ эле жагымсыз окуяларды жаратууда. Метро кызматкерлери массалык кыскартуулар болоорун угуп, иш таштоого чыгышкан. Бүгүн шаардын мэри менен профсоюздар өткөргөн сүйлөшүүлөр натыйжа бербегени кабарланууда.