Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Пакистандагы Равалпинди деген шаарда эки жолку жарылуудан кеминде 24 адам мүрт өлдү, 66 киши жаракат алды


Армиянын расмий өкүлү билдиргендей, Коргоо министрлигинин кызматкерлерин үйлөрүнө жеткирип бараткан автобус жарылып кеткен. Кабарларга караганда, экинчи бомба мотоциклдердин бирине коюлган өңдүү. Равалпинди деген шаар Исламабаддан алыс эмес жерде орун алган. Өлкөнүн армиясынын баш-кеңсеси дал ушул шаарда. Адатта, бул өңдүү жарылууларды расмий адамдар талибдер менен Ал-Кайыдадан көрүшөт.

XS
SM
MD
LG