Молдован бийлигинин эсебинде, сыртка кеткен эмгек мигранттарынын саны өлкөнүн ишке жарамдуу калкынынын 20%ын же 300 миң адамды түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттердин болжолунда, эмгек мигранттарынын чыныгы саны жогорудагыдан үч эсе көп болушу толук мүмкүн. Эмгек мигранттарынын дээрлик үчтөн бири илим –билимдүү адамдар, бирок илимпоз, инженер же дарыгер өңдүү айлык акысы аз кесип ээлери. Эмгек боюнча эл аралык уюмдун маалыматына караганда, четте иштеген молдовандар айына орто эсеп 800 доллар киреше табат, ал эми өлкөнүн өзүндө болсо орточо айлык болгону 120 доллар.
Эмгек мигранттары жиберген акча Кыргызстандын түштүк чөлкөмүндөгүдөй сыяктуу эле молдован үй-бүлөлөрүнүн көпчүлгү үчүн кирешенин жалгыз булагы, ошондой эле тыштан келген каражат өлкөнүн алсыз экономикасы үчүн маанилүү роль ойноодо.
Кыргызстандыктардын көбү коңшу Казакстан менен Орусияга умтулса, молдовандар жакынкы Румыниядан тышкары тилдик жана маданий байланышы бар Италия, Испания, Португалия, Греция өңдүү мамлекеттерге көп катташат экен.
Александру Шура – молдован жаштарынын бири, максаты орундалып, жакында мекенин Канадага алмаштырганы турат. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде мекенинен кетип жатыш себебин төмөнкү аргументтер менен негиздеди:
- Мен көп кыдырдым. Эмиграцияга кетүү жөнүндөгү ой акырындык менен пайда болду. Себеби жашоо –турмуш, өкмөт койгон шарттар четте, Молдовага караганда, кыйла дурус. Бул жерде жаштар үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок, айлык акы абдан төмөн. Жакшы тамак-ашты, кийи-кечекти, ижара акыны төлөмөк тургай, ал жол киреге да жетпейт.
Молдованын жакынкы коңшусу Румыния быйыл январда Евробиримдикке кошулган эле. Ушул окуя да эмиграцияга кетүүнү көздөгөн молдовандардын санын кыйла көбөйткөндөй болду. Анткени расмий Бухарест кезинде ата-энеси же чоң ата, чоң энелери 1940-жылга чейин Румыния менен Молдова бир мамлекет болгон учурда румын жарандыгында тургандардын укум-тукумдарына эми ушундай макамды берүүгө даяр. Эсептөөлөр боюнча быйыл жыл башынан бери Молдованын 4,3 миллион жаранынын ар бир сегизинчиси румын паспортун алууга арыз берген. Евробиримдиктин паспортуна ээ болгон соң молдовандар салыштырмалуу кедей Румынияда калгандын ордуна, Батыштын башка байгер өлкөлөрүнө кетүүнү көздөшөт.
48-жаштагы Зинаида Исрати - айылдык тургун. Орусиядан кубулган соң азыр Италияда иштейт. Анын айткан сөздөрү Кыргызстандын айрым кыштактарындагы абалды эске салат:
-Менин айылымда карылар менен жаш балдар гана калды. Үй-бүлөлөр бөлүндү. Мисалы жолдошум Орусияда, мен Италияда иштейм. Себеби башка жол жок, биз балдарыбызга жардам беришибиз абзел. Молдова четте иштеп, мекенинде акча менен кайтып келип жаткан жарандарына ыраазы боло алат. Кандай болгон күндө да биз үйбүзгө башка менталитет менен кайтып жатабыз. Өз ишибизди ачып, коммуналдык чыгымдарды төлөөдөбүз. Бул жердеги айлык менен эч нерсе жасай алмак эмеспиз.
Акча келгени менен адистер массалык миграция Молдованын өзүндө оор социалдык проблемаларды жаратып жаткан белгилешет. Маселен эсептөөлөр боюнча ар бир тогузунчу баланын ата-энсинин бири четте иштейт. Экөөсү тең кеткендерди болсо туугандары тарбиялап же өздөрү чоңойууда. Ата-энеси салган акча албетте ачка калтырган жок, бирок башка проблемалар бар. Люсия Савка - Молдованын психологдор ассоциациясынын башчысы. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен болгон маегинде ата-энесинин көз кырынан сыртта калган өспүрүмдөр арасында жыныстык турмушту эрте баштагандар, боюнан алдыргандар көп кездешерин белгилеп, төмөндөгү көрүнүштү да көйгөй катары кароо керектигин кошумчалады:
-Ата-энелер балдары алдындагы күнөөсүн акча жөнөтүү аркылуу компенсациялоодо. Бирок, ал акча кандай сарпталып жатканына көңүл бурушпайт. Бала үчүн ал акча асмандан түшкөндөй эле. Атасы жиберген акчанын эсебинен тигил же бул өспүрүм 200 долларга уюлдук телефон сатып алууга жөндөмдүү. Ошол эле учурда аны багуу үчүн энесинин колунда эч нерсе жок.
Ошентсе да бир катар социалдык көйгөйлөргө карабай, Молдованын экономикасы ол-солку болуп турган шартта, калктын массалык түрдө сыртка агылуусу токточудай эмес.