Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

КЫМБАТЧЫЛЫК ЖАЛАЛАБАТТЫКТАРДЫ КЫЖААЛАТ КЫЛУУДА


Азык-түлүк жана курулуш материалдарынын кымбатташы Жалалабаттагы жарандардын нааразылыгын жаратууда. Күндүн катуу ысып, зарыл каражаттардын тартыштыгынан дыйкандардын эгини да начар болду. Облуста өстүрүлгөн эгин элдин керектөөсүн канааттандырбайт. Жетишсиз болгон дан азыктарын жергиликтүү бийлик ишкерлер аркылуу башка жактан сатып алууну көздөөдө.

Жер иштеткенге зарыл болгон техника, күйүүчү майлардын баасы өсүп, үрөндүн начардыгы менен суунун тартыштыгынан айрым дыйкандардын эгини да болбой калды. Сузак районунан бир гектар аянтты ижарага алган Бурайма Сатарова эненин өндүргөн түшүмү жадесе үрөн акысын актаган жок. Жыйнаган буудайы кыш азыгын каптачудай эмес. Бурайма Сатарова түшүмдүн аз болуусун күндүн катуу ысышы менен жердин жакшы иштетилбегендигинен да көрөт:

- Арендага бир гектар жер алып буудай эктим эле. Трактордун, майдын жетишпегендигинен буудайым жакшы болбой калды. 500 кг. буудай алдык, кышка кайдан жетсин, жетпейт да.

Учурда Жалалабаттагы базарда ундун баасы 700 сомдон миң сомго чыгып кетти. Буудай 10-12 сомдон сатылууда. Каражаты тартыш адамдар 2-же 3-сорттогу унду же чар аралаш буудайды издеп жүрүшөт. Кымбатчылыктын айынан өзгөчө аз камсыз болгон жана карыялар жабыр тартууда. Азык-түлүк гана эмес курулуш материалдары да кескин кымбаттоосу көпчүлүктү иренжитүүдө.

Жүздөгөн адамдар ун, буудай азыктарынын кымбатташына байланыштуу “Акыйкатчынын” облустагы бөлүмүнө кайрылышкан. Алар өз кайрылуусунда бааларды түшүрүүнү, болбосо ага ылайык пенсияларга жана эмгек акыларына компенсация төлөө талаптарын коюшуп, баа саясатын туура жүргүзө албаган тармактык уюмдарга нааразы болушкан.

Бийлик кызматка жаңы келгенде шыйпыр менен күлботонун баасын түшүрүүгө убада берген. Бирок, турмуш ал убада сөз жүзүндө калганын далилдеп койду. Ун, дан, жашылча-жемиш, курулуш материалдарынын бааларынын өсүп, эл турмушунун начарлашы менен бийликтин сөзүнүн өтөөсүнө чыкпаганы “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Сеит Кадырбековдун баамдоосунда социалдык теңсиздиктерди жаратып, элдин нааразылыгын күчөтүүсү ыктымал:

- Азыр бир айлык пенсиясы бир кап унга жетсе удун, сүт эттин кымбатташы эмне деген нерсе. Бир үйдө 4-5 үй-бүлө жашаса, жаштарга курулуш куруп кетүүгө болбойт. Ушунун баары кыргызстандыктардын кендирин кесип, кыжырданууга алып келүүдө.

Пенсиясы аз карыялар менен жумушсуз жана көп бүлөлүү адамдар баалардын өскөндүгүнөн кантип жашаарын билбей калышты дейт документтерин тиешелүү уюмдарга тапшырганы менен эки айдан бери пенсиясы келбей жаткан Жолдошбек Жаманкулов:

- Унду азыр кымбаттатып салышты. Аябай кыйналып атат эл.

Облус быйыл 36360 гектар аянтка буудай өстүргөн. Андан 90 миң тоннадай дан алынаары күтүлүүдө. Анткени менен облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жэналиевдин жообуна караганда бул өлчөмдөгү буудай эл керектөөсүнүн 41 гана пайызын камсыз кылат. Калктын жашоосуна зарыл болгон дан азыктарын Казакстан менен Чүй, Талас өрөөндөрүнөн ишкерлер аркылуу сатып алуу күтүлүүдө. Өкмөт сатууга материалдык резервдер корунан 15 миң тонна буудай чыгарган:

- Өндүрүлгөн таза буудай облустун калкынын керектөөсүнүн 41 пайызын түзөт. Толук камсыздоо үчүн 117 миң 365 тонна башка жактан алып келиш керек. Өкмөттүн материалдык резервден 15 миң тонна буудай бөлүнүп атат. Азыр ошону жер-жерлерге жеткирип, бул жердеги тегирмендерди иштетсек ундун баасы түшөт, - деп айтты.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG