Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ИРАН АМЕРИКАЛЫК ЭКИ ЖАРАНДЫН КЕТҮҮСҮНӨ УРУКСАТ БЕРДИ


Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Луис Арбур ирандык укук коргоочулардын тобу менен Тегеранда жолугушту. Бирок жыйынга аны менен кездешүүнү көздөгөндөрдүн баары эле катыша алган эмес. Бул аралыкта расмий Тегеран теги боюнча ирандык эки америкалыктын өлкөдөн кетүүсүнө уруксат берди.

Соңку айларда Ирандын абагында АКШнын теги боюнча ирандык төрт жараны кармалып келген. Алардын айрымдарына абактан чыгарылганы менен өлкөдөн кетүүсүнө уруксат берилбеди. Тегеран бийликтери өлкөдөн кетүүсүнө эми жол ачкандардын бири - илимпоз Халек Эсфандиари айым. Ал түрмөдөн ушул жылдын 21-августунда күрөө коюп бошонгон эле, Тегерандан болсо 3-сентябрда гана чыгып кете алды. Илимпоз айымды Иран бийликтери тыңчылык кылып, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна шек келтиргени үчүн айыптаган.

Ирандан бир нече айдан бери кете албай жаткандардын экинчиси - Парназ Азима, "Фарда" радиосунун кабарчысы. Иран бийликтери аны өлкөгө каршы пропаганда жүргүзгөнү үчүн күнөөлөгөн болчу. Парназ Азиманын кесиптештерине маалымдаганына караганда, бийлик өкүлдөрү ага паспортун 4-сентябрда гана кайтарып беришти.

Ирандык таанымал укук коргоочу, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади жогорудагы окуялар орун алганына кубанганын билдирүү менен АКШнын теги боюнча ирандык ал эки жаранына каршы ачылган кылмыш иши мыйзамсыз экенин белгиледи:

- Мен экөөсүнүн тең, Халек Эсфандиари менен Парназ Азиманынын да адвокатымын жана аларга карата жасалган иш мыйзамга каршы экенин айтым коюшум керек. Алар эч кандай кылмыш кылган эмес, күнөөсүз. Эми ири өлчөмдө күрөө коюу менен бошонуп, соттун убактысы белгиленгенде Иранга кайтып келерин эске алганда, өлкөдөн чыгууга уруксат берилиши- табигый окуя.

Ушу тапта Ирандын абагында АКШнын теги боюнча ирандык дагы эки жараны кала берүүдө. Алардын бири - Ачык Коом институтунун кеңешчиси Кайен Тажбахш, экинчиси - ишкер жана бейөкмөт уюмдун кызматкери Али Шакери. Адам укугун коргоочулар, америкалык саясатчылар Иран бийликтеринин дарегине аларды бошотуу чакырыктарын буга чейин бир нече ирээт жасашкан.

Бул аралыкта дүйшөмбү күнү, Тегеранда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсесинин башчысы Луис Арбур жергиликтүү укук коргоочулардын тобу менен жолукту. Жолугушууга катышкан таанымал укук коргоочу, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Ширин Эбади айымдын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун перси кызматы – "Фарда" радиосуна билдиргенине караганда, жолугушуу өтүп жаткан кеңсенин бет маңдайына Ирандагы кээ бир саясий туткундардын жакындары жыйналып, бирок полиция аларга БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары менен кездешүүгө мүмкүндүк берген эмес.

Чогулгандар туугандары түрмөдө кандай шартта кармалып жатканын баяндаган каттарды алып келген. Ширин Эбадинин айтымында, ал Луис Арбурду анын менен кездеше албай калган ирандык саясий туткундардын жакындарынын арыз-муңдары менен тааныштырды:

-Мен ага аны менен жолугууну көздөгөн адамдардын тизмесин бердим. Ага катар ошол кездешүүнү көздөгөн үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү менен тааныштырдым. Алардын каттарын тапшырдым.

Кабарларга караганда, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Тегеранда аялдар укугун коргоо багытында атайын өнөктүк жүргүзүп жаткан топ менен да кездешкен. Ал топ Ирандын аялдарды дискриминациялайт деп эсептелген мыйзамдарына каршы бир миллион кол чогултуу аракетин көрүүдө.

БУУнун Адам уктары боюнча кеңсесинин башчысы Тегеранга бул ирээт эч бир блокко кирбеген өлкөлөр кыймылынын адам укуктары жана маданий көп түрдүүлүк боюнча жыйынына катышуу үчүн барды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG