Бул тууралуу АКШнын Аскер командачысынын орун басары Рэймонд Одиерно билдирди. Анын маалыматына ылайык, августта Иракта зордук-зомбулуктун көрсөткүчү акыркы он үч ай ичинде эң төмөн болгон. “Андыктан өлкөдөгү коопсуздукту АКШнын аскеринин аз бөлүгү камсыз кыла алабы же жокпу бул жакында белгилүү болот”,-деп кошумчалады Рэймонд Одиерно. Жакында эле көз карандысыз өкмөттүк изилдөөлөр Ирак өкмөтү АКШ конгресси койгон 18 саясий жана аскерий тапшырманын он бирин аткарган эмес деп билдирген болчу.