Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

12:21 «Каракеченин кожоюну» депутаттык шайлоого катышуудан баш тартты


«Жоомарт» кыймылынын лидери Балыкчы шайлоо округунан депутаттык жарышка катышуудан баш тартты. Ал «же Балыкчыны танда, же бизди танда», деген жумгалдык жердештеринин суроо талабы боюнча ушундай чечимге келгенин бүгүн АКИ-Пресс агенттигинде билдирди. Нурлан Мотуев Каракече көмүр кенин башкарып турганда көп мыйзамсыз иштерге жол берген деп айыпталып, бир жылдай абакта жатып чыккан. Укук коргоо органдары ага козголгон кылмыш ишти тергөө убактылуу токтоп турганын билдиришкен. Ал эми Н. Мотуев Балыкчыдагы шайлоого катышып, оппозициянын лидери Ө. Субаналиевди шайлоодон аңтарып түшөөрүн айтып мактанып жар салган. (KCh)

XS
SM
MD
LG