Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

КЫРГЫЗСТАНДА БУУДАЙ АЯНТТАРЫ КӨБӨЙТҮЛҮП, 12 МИҢ ГЕКТАРГА ЖЕТКИРИЛЕТ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Сооронбай Жээнбеков болду.

- Азыр дан азыктарынын кымбаттап жатышы, өзүңүз билесиз, ириде карапайым элди тынчсыздандырууда. Кечээ президент Бакиевдин катышуусунда өткөн жыйындагы маалыматка караганда кыш, жаз айлары дан азыктарынын тартыштыгы менен коштолобу деген бир кооптонуу болуп жатыптыр. Азыр өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо, топтоо абалы кантип атат?

- Азыр оруп-жыйноо иштерин жакында Нарын, Ысыккөлдүн тоо жагы баштады, Чүй өрөөнү бүттү. Дандын биринчи азайып кеткени – Казакстан, Орусияда кымбаттаганы. Экинчиси, бизде 2001-жылдан баштап 2007-жылга чейин 118 миң гектарга азайган. Кечээ президент жыйын өткөрдү, ал жерде буудайдын аянттарын көбөйтүү боюнча маселе койду жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча каражаттар бөлүнө баштады. Биринчи, сапаттуу үрөн менен камсыз кылып, буудай аянтын 2008-жылы 7,5 миң гектар, 2009-жылы 10 миң гектар, 2010-жылы 12 миң гектарга чейин жеткириш боюнча программа түздүк.

- Демек, акырындык менен көбөйөт экен да сиздердин программа боюнча. Ал эми Кыргызстанда дан өстүрүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү канчалык, канча гектар жерге жалпысынан өстүрө алат?

- Азыр биз былтыркыга караганда 55 миң гектарга көбөйтүүнүн программасын түзүп атабыз. Ошол боюнча иш алып барып атабыз. Бизге 1 млн. 80 миң тонна керек болсо, азыр биз 790 миң тонна өндүрүп атабыз. Өзүбүзгө керек данды өндүрүү боюнча биз программа түзүп атабыз.

- Быйыл канча жерге дан эгилбей калды. Анын себептери эмнеден болду?

- Биринчи- пландын төмөндөп кетиши, 118 миң гектарга азайып кетиши биздин дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кыла албай калгандыгыбыздан болду. Көп жылдан бери дан жакшы чыкпай калды. Экинчиси, төрт жылдан бери дандын баасы 5 сомдун тегерегинде туруп алды. Дандын өзүнө турган наркы 4 сом 85 тыйын болгон. Дыйкандар 15 тыйынга аны өндүрүп башка бирөөгө сатканга иштебей калды.

- Баа жасалма түрдө кармалып турганбы?

- Жок, дүйнө жүзүндөгү жана биздеги рынок ошондой болгон. Азыр көтөрүлүп кеткени, Казакстандан 250 миң тоннага чейин алынчу. Былтыр бир тоннасы 95-100 доллар болсо, азыр 240 долларга чейин чыгып кетти. Ошол себептен баа көтөрүлүп кетти. Азыр өкмөт 50 миң тонна данды Казакстандан сатып алыш боюнча чечим кабыл алды.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG