Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу “Камеко” жана “Центерра Голд Инк” компаниялары менен мурдагы вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кыргызстандын үлүшүнө 6,5 миллион акция тиймек. Бирок кыргыз өкмөтүнүн ал сүйлөшүүлөргө макул болбой, кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүнүн жыйынтыгында аталган компаниялар Кыргызстанга 32,5 млн. акция бере турган болду, деп билдирди Жапаров. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда бир акция 4 канада долларына бааланса, азыркы тапта бир акциянын баасы 8 канада долларына жеткен. Каржы министри аталган компаниялар менен кыргыз өкмөтүнүн келишимдерин Жогорку Кеңеш колдоп берет деген ишенимде экенин баса белгиледи. (AJ)