Бүгүн эртең менен Сокулук районундук бийликтин буйругуна ылайык, Ново-Павловкадагы он үч гектар жерге мыйзамсыз салынып жаткан курулуштар түрттүрүлүп салынды. Айрым чатыры жабылып калган үйлөрдүн ээлерине болсо эки күндүк убакыт берилди. Бирок үй куруучулар бузулбай калган үйлөрдүн артында жергиликтүү бийликтин, жеке Ново-Павловка айыл өкмөтү Болот Мамышевдын кызыкчылыгы бар деп айтышууда. Айыл өкмөт башчысы болсо жер бизнесине аралашпай турганын маалымат жыйынында белгиледи. Учурда мыйзамсыз үй кургандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери башталды. Эми бузулган курулуштар тазаланып, кезекте турган Сокулук районунун тургундары кайрадан жаңы курулуштарды башташат. Жер менен иш алып барган «Солто» коомунун жетекчиси Света Сулайманова жүз элүүдөн ашык адамды алдап кеткендигин талкаланган үйлөрдүн ээлери айтышууда. (JJ)