Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

КЫРГЫЗСТАН «ЦЕНТЕРРАДАГЫ» АКЦИЯСЫН ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙТТҮ


«Камеко» корпорациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан «Центерра голд» компаниясындагы үлүшүн 30.66 пайызга жеткирди. Эми жаңы келишим парламентте ратификациядан өткөрүлүп, президент тарабынан бекитилиш керек. Депутаттар тарабынан жаңы келишим кандай бааланып жатат?

Канадалыктар менен сүйлөшүүнү жүргүзгөн эксперттик топтун башчысы Акылбек Жапаров бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди. «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, сүйлөшүүгө чейин Кыргызстандын «Центерра голд инктеги» үлүшү 15% ашуун болсо, сүйлөшүүдөн кийин 30% ашуун болуп калды. Тактап айтканда, канадалыктар 32,5 миллион акцияны Кыргызстанга бере турган болду. «Камеко» менен жетишилген келишимге ылайык Кыргызстан 17% үлүшүн 2 жыл бою сата албайт. Бирок ал акцияларды кепилдикке коюп, насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, мурунку биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов жыл башында Москва, Стамбулда сүйлөшүү жүргүзгөндө 6.5 миллион гана акция берүүгө макулдашылган эле:

-Өзүңүздөр көрдүңүздөр 6.5 миллион акция беребиз деген. Азыр эми 32.5 миллион берет. Шарттарды беш эсе жакшырта алдык. Бул эми Кудай бар экен, чындык ордуна келди. Биз азыркы күнү “Центерра голд инк” компаниясында 30.66% акциясынын ээси болуп калып атабыз.

Сүйлөшүүлөр башталган учурда “Центерра голд инктин” бир акциясынын баасы 4 Канада долларынын тегерегинде болсо, сүйлөшүүлөр соңуна чыккандан кийин 8 долларга көтөрүлдү.

Кумтөрдөн салык жыйыноонун шарты өзгөрүп, мындан ары “Центерра голд инк” Кумтөрдөн казылып алынып, сатылган алтындын баасынан төлөйт:

-Алтынды канча казып, канчага сатса ошондон салык алынат. Биринчи жылы 2008-жылы 10% алабыз. 2009-жылы 11%, 2010-жылы 12% алынат. Бир унция алтын 680 доллар сатылса, 68 доллар алабыз. Мурунку жылдардагы төлөмдөрдү карасак анда бир унциядан 11 доллар гана алып жүргөнбүз. Мындан сырткары сатылган алтындын 1% Ысыккөл фондуна берилет. Анда фондко жыл сайын 2,5-3 миллион долларга чейин акча түшөт.

Жапаровдун маалыматы боюнча Кумтөр долбоорунан буга чейин Ысыккөлгө 1 миллион 200 миң доллар берилген. Бирок анын 1 миллион долларын жергиликтүү чиновниктер талап-тоноп кеткен. Калган 200 миң гана элге жеткен.

Өкмөт жетишкен келишимдер эми парламент, президент тарабынан бекитилиш керек. Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча президент сүйлөшүүлөр жыйынтыгына канааттанганын билдирди. Ал эми парламентарийлерден кандай жооп болот?

Депутат Карганбек Самаков Жогорку Кеңештин сессиясынын алгачкы күнүндө эле нааразылыгын билдирип, Кыргызстан акция эмес, алтынды бөлүүгө барышы керек эле пикирин билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков сүйлөшүүлөр жыйынтыгын оң баалады:

-Бул негизи абдан чоң жетишкендик. Буга чейин бизде 15.65% акция калган эле. Эгерде келишим ратификацияга келсе, ал сөзсүз түрдө келиш керек, биз мыйзам түрүндө кабыл алып беребиз.

Кубанычбек Исабеков салык жаатындагы жаңы шарттарды да кубаттоого алды. Жогорку Кеңештин төрагасынын дагы бир орун басары Эркин Алымбеков сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын компромисс катары атады:

-Чоң талаптарды коюп, андан кийин компромисттин негизинде алдыга жылуу болду, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн. Ал эми парламентте жеңил-желпи ратификациялант деп айта албаймын. Анткени көп депутаттардын талаптары, сын-пикирлери бар.

Маалымат жыйынында Акылбек Жапаровдун ачыктоосуна караганда, 2003-жылкы келишимди түзүү үчүн Канадада сүйлөшүүлөрдү президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев жүргүзгөн. Анын натыйжасында мурунку премьер-министр Николай Танаев “Центерра голд инкти” түзүү боюнча мыйзамсыз токтомго кол коюп берген. Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев муну коррупция деп бааалап, ага тиешеси барларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG