ЖАЛАЛАБАТ. Буга байланыштуу облустук бийлик Майлуусуу шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча өзүнүн көчмө жыйынын өткөрүп, оорунун жайылышына себепкер деп саналган эки уюмдун жетекчисине эскертүү берди. Шаарда быйыл 31 адам ич келте дартына чалдыккан, алардын 12си ушу тапта ооруканада дарыланууда. Ич келтенин өөрчүшүнө Майлуусуудагы сууну тазалоочу түйүндүн жетиштүү иштебей, Сарыбээ айылындагы бузулган куурдун оңдолбой, булганч суулардын Майлуусуу дарыясына кошулуп, андан элдин пайдалануусу себеп болгон. Калаага караштуу Көкташ шаарчасы элден зарыл каражат топтолбогондуктан «Тазасуу» долбооруна кошулбай, суу түтүктөрү менен камсыз болбогон. Облуста ич келте Сузак, Ноокен, Майлуусуу аймактарында катталып, ооругандардын саны 69 кишиге жетти. (YA)