Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

8:34 Жалалабадда “Сентябрь” телеканалынын операторун сабап кетишти


Облустагы кабарчыбыздын маалымдашынча, кечээ кечинде көз карандысыз “Сентябрь” телеканалынын оператору Талант Сопиевди белгисиз адамдар сабап кетишкен. Иштен чыгып келе жатканда Сопиевди эки эркек, бир аял токтотуп, анын аты-жөнүн сураган. Сентябрь телеканалынын кызматкери болгонун билген соң, алар Сопиевди Базар Коргон аймагына чейин машине менен кууп барып, сабап кеткен. Учурда Сопиев ооруканада жатат. Буга байланыштуу азырынча расмий билдирүү таратыла элек. (ZMa)

XS
SM
MD
LG