- Кечээ эртең менен Сокулук районунун Новопавловка аймагынан баш-аягы 120дай чала курулган турак үйлөр райкеңештин чечими аркылуу түрттүрүлүп салынды. Буга байланыштуу тараптар албетте бири-бирине күнөө оодарып жатышат. Бул маселеге укук коргоочу каратары кызыгып көрдүңүзбү. Сиздин бааңыз кандай болуп атат?
- Президенттик администрациянын адам укугун коргоо комиссиясы эки жылдан ашуун убакытта ушул иштер боюнча көп алагды болуп, аракеттерди көрүп келатабыз. Жер маселеси боюнча өтө чоң проблема бар Кыргызстанда. Ошон үчүн бул мамлекеттик чоң саясат болот. Концепция иштеп чыгып бул маселени акырына чейин чечпесек акыры жакшылыкка алып барбайт. Мен айтайын дегеним, жер маселеси боюнча атайын чечимдер кабыл алынды, 14 миңден ашуун адам жер алышты. Бирок ошого карабастан ушул маселе чечилбей келаткан себеби, бардык жерлерде жер сатуу маселеси өтө өнүгүп кетти. Мен ойлойм, бул адамдар эч кандай уруксаты жок салып алышкан. Буларды түрткөн атайын күчтөр, тарбиясы, адеби жок аялдар бар. Алардын үстүндө балким Акүйдө чиновниктер бар атайын акча жасаган. Тажаал аялдарды түртүп коет, алар элден акча чогултат жерди сатуу боюнча, баланча миң доллар бересиңер биз жер алып беребиз дейт. Госрегистрде да өзүнчө кишилери бар. Бул өзүнчө коррупция болуп алган.
- Азыр жеке эле Новопавловка эмес, көп жерлерде ушундай нерселер болуп атат. Мисалы жер, үй, мүлк талаш азыр негизги талылуу маселелердин бири болуп калды. Мындай өнөкөттөрдөн эмне үчүн коом арыла албай жатат. Мунун себеби бийликтин мажүрөлүгүбү, же саясий күрөштүн бир формасы болуп атабы, же коррупциянын күчөп кетишиби? Ушуга анализ берсеңиз?
- Анализ берсек, бул эң негизгиси бийликтин чечкиндүү аракеттердин көрө албай аткандыгынын белгиси. Бийликтин көп структуралары президенттин берген тапшырмасын, көрсөтмөлөрүн толугу менен аткарбай, ортодон акча тапкандарга алданып, акча берип коюшат, президенттин концепциясын аткарбай атышат. Айрыкча госрегистр, мэриядан, акимиаттардан жерлерди сатып ийишет. Мисалы ошол эле Сокулукта болгон окуя жерлерди туура эмес берип салышкандан чыккан. Ортодон кызыл китепти алып беребиз деп аракет кылышкан, бирок алып бере алган эмес. Бир жерди эле эле 2-3 кишиге сатып салгандар бар. Мына ушунун кесепетинен ушундай иш болуп атат. Мен ойлойм, ошол атуулдардын аракеттери туура эмес. Анткени кандай кылган күндө дагы райондук кеңештин, акимиаттын чечими керек, Кызыл китепти алыш керек. Мамлекеттик органдардын бир кемчилиги, айтып атпайбы, Чыныбаевге алты айдан бери айтып атабыз, бириңер келген эмессиңер деп. Райаким аларды күнөөлөп түрттүрүп атат, түрттүргөнү туура. Бирок салып аткан убакта келип документтериңер жок деп токтотуш керек эле да.
- Үй куруучулар баары бир эми каалайбызбы, каалабайбызбы алардын жер алуу укугуна шек кетти. Буларга эми кандай чаралар көрүлөт. Мисалы сиз президенттик администрациянын укук коргоочусу катары, алар жабыркады деп эсептелеби, эсептелсе аларга карата кандай жардамдарды көрсөтөсүз?
- Алар жабыркады дегендердин катарына кирет кандайдыр бир деңгээлде. Анткени алар алты ай бою салып атканда Сокулук райондук администрациянын атынан бир да адам келип эскертүү берген эмес, же штраф салып, кылмыш ишин козгогон эмес. Акырында салып бүткөндөн кийин, канча каражатын короткондон кийин түрттүрүп салган. Албетте укугу тебеленди деп эсептейм. Бирок андан тышкары ал атуулдар да түшүнүшү керек эле, эч кандай документтери жок туруп жерге там салганы өзү да туура эмес, күнүмдүк гана кызыкчылык көздөгөндүк, мамлекеттик саясатты көздөбөгөндүк болуп эсептелет. Биз райондук администрация менен иштеп атабыз ушул маселе боюнча. Тиешелүү адамдар тиешелүү өзүнүн жазасын алыш керек.
- Маегиңизге чоң ырахмат.