Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

16:22 Сузактагы Кара-Алма токой чарбасынын жумушчулары деректирге нааразы


Бүгүн токой чарбанын жыйынына чогулгандар чарба деректири Козубай Жумагуловдун өзүм билемдиги менен кадр саясатын туура жүргүзбөгнү үчүн айыпташты. Кара-Алма токой чарбасында жакында эле түшүмдүү жаңгак уюлдарынын кыйылгандыгын жана чарбада социалдык-экономикалык жагдай начарлаганын, улут сүрүштүрөөрүн белгилешип, деректирдин кызматтан кетишин талап кылышты. Жыйынга катышкан губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов чарбадагы баш аламандыктарды өз көзү менен көргөндөн кийин гана бир жыйынтыкка келерин билдирди. Козубай Жумагулов коюлган айыптарды четке какты. Кымбат деген жаңгак бааларына тиешеси жок экендигин, улут бөлүштүрүү болбогонун, былтыркы ижара акыларын төлөбөй койгондор чуу чыгарып, мурдагы деректир азыркы айыл өкмөт башчынын жетегинде калганын айтты. 4 миң гектар жаңгак токойлуу Кара-Алма чарбасынын 30 өкүлү 5-сентябрда облбийлик алдында нааразык акциясын өткөргөн. (YA)

XS
SM
MD
LG