Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Сирия Израил анын аба мейкиндигин бузганын билдирди


Мамлекеттик "САНА" агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Сириянын абадан коргонуу күчтөрү бүгүн өлкөнүн аба мейкиндигин бузган израилдик аскерий учактарды ок чыгаруу менен артка кайтарган. Ушул эле булактын айтымында, Израилдин аскерий учактары ок дары ташташты, андан эч ким жабыр тарткан жок, эч нерсе талкаланбады. Израил тарап болсо Сириянын маалыматын комментарийлебесин билдирди. Сирия менен Израил алигиче тынчтык келишимин түзө элек, 1967-жылы Израил Голлан дөңсөөлөрүн басып алгандан бери жана ушу тапта деле согуш абалында турушат.

XS
SM
MD
LG