Кечээги «Лица» гезитине жарыяланган «Тайфун» операциясына байланыштуу өлкөнүн баш прокурору Элмурза Сатыбалдиев бүгүнкү «Агым» гезитине интервью берди. Аксы окуясынын башкы күнөөкөрлөрү катары А.Карыпкуловго, генерал С.Дубанаевге, ошол кездеги Жалалабад облмилийса начендиги К.Токобаевге, ошол кездеги облпрокурор С.Кудайбергеновго айыптары угузулуп, иши сотко жөнөтүлгөнүн, кандуу окуянын ушул кезге чейин чечилбей келатканына азыркы президенттин тиешеси да, күнөөсү да жоктугун, С.Урманаевдин депутаттык кол тийбестиги алынбай калса кылмыш иши убактылуу токтоорун, бирок кийин сөзсүз кылмыш иши козголорун айтат ал. Гезит кабарчысы башпрокурордон «Аксыга байланыштуу айыпталып жаткандардын баары эле түндүктүктөр экен, мына ушуга кээ бир саясатчылар кийин билермандык кылып чыкпас бекен, буга кандай дейсиз?» деп сураганда Элмурза мырза, чындыгында түндүк-түштүгүнө кызыкпаганын, албетте саясый оюн жасоочуларга оңой курал болорун, айыпталгандардын түндүктүк болгону үчүн өзү күнөөлүү эместигин, бул иште К.Бакиевдин күнөөсү жоктугун, ошондой эле А.Акаевди да күнөөлүү деп айтуу эрте, болгону мамлекет башчысы катары анын моралдык айыбы барын, ал эми «Тайфун» операциясы күндүзгү саат 2де киргизилип, ага генерал С.Дубанаев буйрук бергени такталганын, ал эми 18-марттагы өлүм боюнча агездеги ички иштер министри Т.Акматалиевдин күнөөсү табыла электигин… айтып жооп берген.
Тамак-аш азык-түлүктөрүнүн айрымдары 40-50 пайызга, айрымдары 2 эсеге, эң эле арзан дегендери-15-20 пайызга кымбаттап кетти деп айтты белгилүү экономист, профессор Айылчы Сарыбаев «Заман Кыргызстан» гезити менен баарлашуусунда. Мамлекет ойлонуштурулган кескин чараларды көрбөсө кымбаттоо толкуну мындан ары токтобойт. Эң коркунучтуусу-15-20 пайыздан акырындап көтөрүлүп жаткан пенсия-пособиелер 2-3 эселеп өскөн инфляциянын айынан жоюлуп кетет да, элдин тартар азап-тозогу күчөйт. Ошондуктан мамлекетти башкаруу системасын реформалап, таза адамдар, ишин мыкты билген кадрлар менен экономикалык жана башка саясат жүргүзмөйүн бул азаптан арылбайбыз дейт Сарыбаев. Себеби баанын кымбаттосунан Кыргызстандын коррупциялашкан системасынын кылы да кыйшайбайт. Алар байып пайда көрө берет. Кээде ушундай жол менен бааны кымбаттатып байып турушат деп айтты экономист. Анын божомолу боюнча мындан ары бардык чөйрөдө кымбаттоо жүрөт.
Гезит базары бүгүн каникулдан кайткан «Жаңы кылым» гезити менен байыды. Гезит: «Камчыбек Жолдошбаевдин зөөкүрлүк кылык-жоруктары ички иштер министрлиги тарабынан басылып келет» деген макала басты. Кара-Кечедеги «Беш Сары» фирмасы, анын кожоюну депутат К.Жолдошбаевдин жорук-жосуну сөз болгон макаланын аягы, «ушул жылдын 10-сентябрына чейин премьер-министр Атамбаев Жумгалга келип эл менен жолугушун талап кылабыз. Бул мөөнөттөн кечиксе Баш Кууганды айлынын четинде жол бөгөө акциясына барууга аргасыз экенибизди ишенимдүү билдиребиз. Жумгал эли» деп аяктаган.
1-октябрдан тартып пенсионерлердин жалыйнасы 10 пайызга көбөйөрүн, бирок республикадагы орточо пенсия көлөмү-900 сом экенин, тилекке каршы ага кошулган 90 сом кары-картаңдардын ансыз да араңжан турмушунун жыртык-тешигин бүтөөгө жетпей тургандыгын баяндаган «МСН суббота» гезити акыркы күндөрү тамак-аштын кымбатташынын артынан Бишкек шаарынын автоунаалар боюнча департаменти жолкире акыларын көбөйтпөсө кыйын болуп жатат деп тынбай айта баштаганын… рыноктун «бийлигинен» эч кайда качалбастыгыбызды, бирок канткен күндө да бийлик дегендин баа саясатына өз бийлиги болуш керек эле деп жазды.
«Белый пароход» гезити Акүйдүн артында жакында Атамбаев отставкага кетет экен деген сөз басылбай жатканын, парламентте депутат А.Келдибеков президенттик админстрация башчысы М.Садыркуловго бекер жеринен катуу асылбаганын, балким М.Садыркулов Атамбаевдин ордуна жылып, Садыркуловдун ордуна Келдибеков келип жүрбөсүн, бизде баарысы болушу мүмкүн, чын эле 17-сентябрдагы туулган күнүндө Атамбаев отставкага кете турган болсо ага анча деле таң калууга болбойт деп билдирди. Ошол эле убакта «Агым» гезити аркылуу депутат А.Келдибеков, М.Садыркуловга катуу тийгенин кадр маселесинен издегендер жаңылышарын, болгону интрига чегинен ашып кеткенине чыдай албай чыкканын, Садыркуловду камалсын же жоголсун деген ою жоктугун, болгону 420 миң доллар каяка кетти, ошонун дайнын билейин дегенин, премьер-министрлик орунга деги эле башынан кызыкпаганын айтып жооп берген.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ