БИШКЕК. Депутат Камчыбек Жолдошбаев министр С.Жээнбековго Бишкектеги «Ош» базарындагы башкы ветеринарды кызматтан алып, кызматка коюуга алыңыз келеби деген суроо узатты. Министр ага жооп кылып, бул базардын башкы ветеринарын жакында кызматтан алганын билдирди. Бирок К.Жолдошбаев «Ош» базарынын башкы ветеринарынын тагдыры Акүйдүн 7-кабатында чечилээрин айтты. Депутаттардын маалыматы боюнча, бул кызмат эң «майлуу» орундардын бири. (КО)