Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

11:30 Ө.Текебаев конокко аны Элмурза Сатыбалдиев өз атынан эмес, Башкы прокурордун атынан чакырганын сынга алды


БИШКЕК. Депутат Өмүрбек Текебаев бүгүнкү парламент жыйынынын жүрүшүндө жакында Элмурза Сатыбалдиевден орозо айынын башталышына карата «Консул» ресторанына чакыруу кагазын алганын, анда Э.Сатыбалдиев башкы прокурор катары чакырганын маалымдады. Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Э.Сатыбалдиев өзүнүн кызматтык абалын жеке иштерине аралаштырып, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган. Кийин сөз алган депутат Акматбек Келдибеков бул жерде эч кандай маселе жок экендигин, «чакырылбаган жерге барба, чакырган жерден калба» деген сөз бар экендигин Ө.Текебаевге карата айтты. (КО)

XS
SM
MD
LG