Бүгүн форумдун экинчи күнүндө премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо каты окулуп берилди. Өз катында Атамбаев Кыргызстан Россия менен кызматташууга стратегиялык артыкчылык берерин, акыркы алты жылды эки өлкөнүн соодасы 4 эсе өсүп, 2006-жылы 806 миллион долларга жеткени белгиленген. Эки өлкөнүн кызматташуусу Евразия экономикалык шериктештигнин алкагында эркин соода жүргүзүүгө жетишилсе ого бетер жакшыраары катта аталган. Форум 9-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. (AiT)