Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

16:53 Баткенде ВИЧ/СПИД инфекциясын жугузуп алгандар жыйырмага жетти


Баткен облусунда акыркы сегиз айдын ичинде эле СПИД илдети менен ооруган 6 адам каттоого алынып, ВИЧ/СПИД инфекциясын алып жүргөндөрдүн расмий саны жыйырмага жетти. Бул тууралуу Баткен облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун баш дарыгери Шайыргүл Эрназарова «Азаттыка» билдирди. Жылдан жылга бул илдет менен ооруп калгандардын саны кескин өсүп жатканы байкалууда. Мисалы, өткөн 2006-жылдын ичинде үч киши катталган болсо, үстүбүздөгү жылдын сегиз айында эле СПИДди жугузуп алган алты адам каттоого алынган. (SA)

XS
SM
MD
LG