Эки күнгө созулуучу жыйынга НАТОнунун аскерий комитетине кирген генералдар чогулду. Анда уюмдун Ооганстандагы стратегиясы талкууланат. Ал эми Ооганстандын өзүндө, Герат провинциясынын аймагынан салмагы 10 тоннага жетерлик курал-жарак катылган кампа табылганы кабарланды. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун бул жердеги кабарчысынын маалыматына караганда, кытайлык, орусиялык жана ирандык өндүрштөгү бул курал-жарактын арасында жер миналары, ракета аткычтар, мылтыктар жана ири өлчөмдө ок дары бар.