Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Усама бин-Ладендин жаңы видеобилдирүүсү жакынкы күндөрү чыгат


"Ал-Каида" лидери Усама бин – Ладендин 2001-жылкы 11-сентябрь окуяларынын алты жылдыгына арналган жаңы видеокайрылуусу жакынкы күндөрү чыгат. Мындай кабарды "ал-Каиданын" маалымат тармагы эсептелген "ал-Сахаб" деген исламчыл интернет сайт жарыялады. Издөөдө жүргөн Усама бин – Ладен эң соңку видеобилдирүүсүн буга чейин 2004-жылдын ноябрында, Кошмо Штаттардагы президентик шайлоого тушташ чыгарган эле. Жогорудагы жаңылыкка жооп кайтарып, Ак үйдүн ички коопсуздук боюнча кеңешчиси Фрэнсис Таунсенд бин-Ланденди таап, жок кылуу АКШ үчүн азыр да башкы приоритет экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG