Бир тууган ишкерлер Жапаровдордун аракети менен Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүндө чакан кыш заводу ишке киргизилди. Ишкерлердин бири Эгемберди Жапаровдун айткан сөзү боюнча ишкана бир күндө 350 миң даана кыш бышырып, чыгара алат. Ал эми завод толугу менен ишке киргенде эки нөөмөт менен иштөөчү 100 жумушчу орду түзүлөт. (ZKo)