Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

СИДНЕЙДЕ АЗИЯ ЖАНА ТЫНЧ ОКЕАН ӨЛКӨЛӨРҮНҮН САММИТИ ӨТҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Австралиянын Сидней шаарында Азия -Тынч Океан кызматташтык уюму APECтин кезектеги саммити ачылды. Ага уюмга мүчө 21 өлкөнүн жетекчилери катышып жатат.

Форумдун ачылышы полиция менен антиглобалисттердин кагылышуулары менен коштолду. Сиднейдин борборунда чогулган 5 миңдей демонстрант АКШнын президенти Жорж Буштун Ирак саясатына жана ага Австралиянын премьер-министри Жон Говарддын колдоо көрсөтүп жатканына нааразычылык билдиришти. Бирок, саммиттин катышуучулары демонстрациянын четин да көрүшкөн жок. Шаардын борбор чөлкөмү тыгыз тосмолонуп, кайтарууга алынды.

Эки күн созула турган форумда уюмдун мүчө өлкөлөрү климаттын жылышына каршы чара көрүү, эл аралык сооданын шарттарын жеңилдетүү, энергетикалык коопсуздук жана террорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу маселелерди талкуулашат.
Саммиттин алгачкы күнүндө Кытай менен АКШ аба-ырайынын глобалдык жылуусун токтотуу үчүн өндүрүш газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу керек экенине алгачкы жолу расмий түрдө макул болушту. Форумда кабыл алыган макулдашууда "дүйнө өлкөлөрү өндүрүш газдарын бөлүп чыгарууну жайлатып, токтотуп, андан кийин азайтууга жетишүүсү абзел, ал үчүн 2012-жылга чейин эсептелген программаны андан ары өркүндөтүп, улантуу керек" деп айтылат. 2012-жылы Киото протоколу соңуна чыгат. Анда өндүрүш газдарын кыскартуу милдетети өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө гана жүктөлөт. АКШ менен Австралия муну адилетсиз деп эсептеп, Киото протоколун ратификациялашкан эмес. APECтин макулдашуусу өнүгүп келаткан өлкөлөрдү да өндүрүш газдарын кыскартууга үндөйт.

Кытай жаңы макулдашууда ар бир өлкөнүн үлүшүн адилет бөлүштүрүүгө өзгөчө басым жасоо керек, деп эсептейт. Кытайдын президенти Ху Цзиньтаонун айтымында, өнүккөн өлкөлөр, киши башына эсептей келгенде башкалардан көбүрөөк өндүрүш газ бөлүп чыгарууда жана жердин жылууна алардын кошкон тарыхый салымы чоң. Киши башына эсептегенде Асвтралия өндүрүш газын эң көп бөлүп чыгарган өлкө.

Азия - Тынч Океан Кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн үлүшүнө дүйнөдөгү жалпы өндүрүштүн 60 пайызы туура келет. Кол коюулган макулдашууда мүчө өлкөлөр энергияны керектөөнү 2030-жылы 2005-жылга салыштырмалуу 25 пайызга азайтууга, 2020-жылга чейин 20 миллион гектар жерге токой отургузууга милдеттеништи.

XS
SM
MD
LG