Оруп-жыюу иштерин аягына чыгаруу жана күздүк буудай айдоо үчүн жергиликтүү дыйкандарга мамлекет тарабынан 400 тонна күйүүчү май жана жогорку сорттогу үрөн берилмекчи. Күзгү талаа иштерин жүргүзүү боюнча облустук мамлекеттик администрациянын алдында атайын штаб түзүлгөн. Аталган штабдын мүчөсү Сайдалим Усмановдон алынган маалымат боюнча күздүк себүүгө бөлүнгөн 15 тонна үрөн жана 400 тонна күйүүчү май дыйкандарга арзан баада берилмекчи. (ZKo)