Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:34

14:00 Каракечеде көмүр казуу иши токтогон жок


“Бешсары”, “Шарбон”, “Акжол-көмүр” ишканалары тарабынан учурда көмүр казуу жүрүп жатат. Ал эми “Акулак” разрези токтоп турат. Аталган разрездин жетекчиси Тилек Сабыровдун айтуусунда 2005-жылдын май айынан тартып, Нурлан Мотуев Каракечеде кожоюндук кылган учурда төлөнбөй калган салык, электр энергиясына акысы бардыгы “Акулактын” мойнуна илинген. “Мамлекетке жана шахтада иштеген элдин бюджетине канча миллиондогон зыян келтирди, бирок Мотуев эч кандай жоопко тартылган жок,”-дейт Тилек Сабыров.
Нурлан Мотуев болсо өз учурунда көмүр казуудан түшкөн пайданын баары кенди иштетип жаткан ишканалардын кожоюндарынын чөнтөгүнө кетип жаткандыгын айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG