Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

МАЙЛУУСУУДА ИЧ КЕЛТЕ ДАРТЫ КҮЧӨДҮ


Жалалабат облусунун Майлуусуу шаарында жугуштуу ич келте дарты күчөп кетти. Облус боюнча ич келте менен ооругандар 69 киши болсо, Майлуусууда аталган кеселге 31 адам чалдыкты. Оорунун алдын алуу максатында шаарда 4-сентябрда облустук көчмө жыйын өттү. Оорунун өрчүшүнө Майлуусуудагы 50-60 жыл иштеген суу тазалоочу түйүндүн жетиштүү иштебей, шаардан чыккан таза эмес суулардын Майлуусуу дарыясына кошулуп агуусу жана шаарга жакын айылдын таза суу менен камсыз болбогону себеп болууда дешет.

Майлуусуу шаары менен ага коңшулаш жайгашкан Ноокен районундагы бир нече айыл-кыштактарда соңку 4-5 жылдан бери жугуштуу ич келте дарты токтобой келатат. Оору облустун Сузак жана Базар коргон, Аксы райондорунун тургундарынан да чыкты. Майлуусуу шаарында кесел жай айларында өзгөчө күчөп, 31 кишинин дартка чалдыгышы аталган калаада облустук көчмө жыйын өткөрүүгө мажбур кылды. Анда оорунун жайылышына себепкер саналган эки уюмдун жетекчиси эскертүү алды. Көчмө жыйынга катышкан облустук санитардык-эпидемия кызматынын баш дарыгери Тыныбек Жоробаевдин изилдөөсүнө ылайык ич келтенин жайылышына шаарда санитардык эрежелер сакталбай, Майлуусуу дарыясына агып түшкөн шаардагы таза эмес кир сууларды дарыянын жээктери менен төмөн жагындагы калктын пайдалануусу себеп болууда. Шаарга коңшулаш Көкташ жана Бүргөндү айыл калкы сууну дарыядан алат.

- Облус боюнча 69 адам ич келте оорусу менен анын ичинен 31 адам Майлуусуу шаарына катталып жатат. Жаан-чачын болгондо канализациянын түтүктөрү ушул дарыяга түшөт. Электр энергиясын өчүрүп койгон убактарда насостордун баары иштебей калып, суулардын баары ушул дарыяга түшөт. Дарыянын жээгиндеги элдер ал суудан колдонгондо ушул ич келте оорусу пайда болуп жатат,- дейт Тыныбек Жоробаев.

Жугуштуу оорунун козгогучтары суудан да ылайдан да табылган. Шаардагы суу тазалоочу башкы түйүн эскирип бүткөндүктөн булганч сууларды толук тазалай албай калган. Аны оңдоого каражат бөлүштүрүү маселеси нечен ирет өкмөткө коюлганы менен муктаждык чечилбей келатат. Майлуусуу дарыясына шаардын жогору жагында турган Сарыбээ шаарчасынын бузук түйүнүнөн чыккан суулар да кошулат.

- Тазалоочу аппараттын эскилиги жетип, иштен эбак чыгып калган. Бул 50-60-жылдары курулган бойдон бир дагы ремонттон өткөн эмес.

Шаардын проблемаларын облустагы “Жарандык коомду колдоо” борбору да изилдеп жүрөт. Борбор өткөргөн коомдук угууларда Майлуусуулуктардын көтөрүлгөн проблемаларды чечүүгө өкмөттүн аларга кам көрөөрүнө ишенбей тургандыктары жана кайдигерлиги байкалган. Уюмдун жетекчиси Элмира Мавлянованын баамында, майлуусуудагы жугуштуу оору, жумушсуздук, уран калдыктары, экология маселесине жергиликтүү коомчулук менен бирге мамлекеттин да камкордугу жетишпей жатат. Өкмөт чачтан көп проблемаларды чечүүгө каражатты бөлүштүрө албай турган кезде майлуусуунун маселесине Эл аралык уюмдарды тартуу зарыл болчу деп эсептейт ал.

- Шаарда да көп ишканалар иштебейт. Элдер иши жок жүрөт. Бюджет канчалык өз күчү менен алмаштырат дегенге көзүм жетпейт. Бирок, башка бир эл аралык уюмдарды тартып келсе болот да.

Көкташ айыл өкмөтүндө каражат болгону менен суу түтүктөрүн куруучу ишканалар табылбай жатат. Азия өнүктүрүү Банкынын Таза суу долбоору талап кылган 5 пайыздык каражат жергиликтүү калк тарабынан чогултулбагандыктан аталган айыл менен Ноокен районундагы Бүргөндү айылы долбоорго кирбей калган. Каражаттын жыйналбаганына турмуштун начардыгы, жумушсуздук менен түшүндүрүү иштеринин начардыгы себеп болгон. Облустун калкын тазасуу менен камсыз кылуу департаментинин координатору Ашым Чатаев мындай дейт.

- Он төрт долбоор бүгүнкү күндө Жалалабат облусунда иштеп жатат. Булар катарга кирбей калган. Бул жердин өзүнүн талабы ошондой экен. Элден топтолгон 5 пайыздык төлөм жүз пайызга толгондо гана долбоорго кирип, ишти баштайт экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG