КАБУЛ. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү президент Хамид Карзай сөз сүйлөп жаткан стадионго күчкө салып кирүүгө аракеттенген жоон топ кишини токтотуп калышты. Рейтер агенттигинин айтымында, трибунада сүйлөп жаткан Карзай ок атышууну угаар замат, трибунадан түшүп, кетип калды. Ал эми биздин кабарчыларыбыз ок атышуу болбогондугун, стадионго кирүүгө аракеттенгендер таш ыргытышканын маалымдашты.
Ооган коопсуздук күчтөрү президентке кол салуусу ыктымал деген кооптонуу менен жоон топ кишини токтотуп калышты