Жаңы окуу жылында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстандан тапшырган алты жүз талапкерден жыйырма үч студент тандалып алынды. Окуу Шотландиядагы Сент-Андрюс жана Будапештеги Борбор Европа университетинин профессорлорунун саясий теория жана эл аралык мамилелер боюнча дарсы менен башталды. Европалык Коопсуздук жана Кызматташттык Уюмунун Бишкектеги окуу жайы аталган уюмдун баалулуктарын, нарк-насилин Орто Азия чөлкөмүнө жайылтууга багытталган. (EBM)