Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

РАЙЫМБЕК МАМЫРОВ: МАЯНАНЫ 10-12 ПАЙЫЗ КӨТӨРҮҮ МАСЕЛЕ ЧЕЧКЕНГЕ ЖАТПАЙТ


Бүгүн парламентте өкмөттүк саат уланып, күн тартибинде соңку убакта күчөгөн мал ылаңдары, ветеринардык кызматтын иши жөнүндөгү маселелер талкууланмакчы. «Азаттыктын» таңкы уктурууларында ЖК депутаты Райымбек Мамыров менен маекте сөз ушул маселелер жөнүндө болду.

- Бүгүн парламентте өкмөттүк саат улантылаары күтүлүүдө. Жума күнү коопсуздук кеңешине карап катышпай калган премьер-министр да бүгүн катышса керек. Инфляция, мал ылаңы, дан-азыктарынын асмандаган баасы өңдүү талылуу маселелер каралып жатат жума күндөн бери. Парламент кандайдыр бир чечим чыгарууга жетише алабы бүгүн?

- Бүгүн айтылган эки суроо боюнча жетише албай калабыз го. Себеби бешинчи күнү мал оорулары боюнча өкмөттүн жасап жаткан жумуштарын баштадык эле, бүгүн ошол суроонун үстүндө талкуу болот болуш керек. Эгер жакшы болуп калса ошол суроону бүтүп, ошол боюнча өкмөттүн ишине баа бере турган токтом кабыл алсак жакшы болот эле. Эгин, нан, буудайга болгон суроолор бүгүн аягына чыкпай калат болуш керек, убакыт азыраак.

- Анткен менен азыр элдин көбүрөөк тынчын алып аткан нерсе, бул нан жана дан азыктарына баанын өсүшү болуп жатпайбы. Алдыда, кыш, жаз турат дегендей, элди нааразылыкка жеткирбеш үчүн өкмөт кандай чараларды көрүш керек?

- Биринчиден, эки күндөн бери биздин колубузга тийген материалдар менен таанышып, бүгүн баштап кала турган болсок, айталы деген сөздөрдү даярдап атабыз. Берилген материалдар боюнча, өкмөттүн ушул күнгө чейинки жасаган жумуштарын канаттандырабыз деп ойлоп атабыз. Өкмөт муну билип туруп өздөрүнүн берген материалдарында айтып атат, жылдын башынан бери эле түшүмдүүлүк аз болуп аткан, бүт мамлекеттерде буудайдын айдалганы аз болгон деп. Сөз бир гана нан баасы эмес, буудайдан иштетилип аткан башка нерселер жөнүндө болуп атат. Бирок ошолорду билип туруп өкмөт алдын-ала чараларды көрө албастан, аягы келип ушуну менен бүтүп атат. Мына ушуга окшогон сөздөр бүгүн айтылат. Менимче, өкмөттүн азыр бизге келип жасайбыз деп айтып аткан жумуштары жетишсиз болот окшойт.

- Өкмөттөн, каржы министри айлык маяналарды көтөрүү жолу менен кырдаалдан чыгабыз деп айтып атышпайбы. Жалпы экономка кандай болот, ошого туруштук бере алабы? Дегеле нандан чыккан кризистин өзүн токтотууга мүмкүнбү ушундай жол менен? Башка кандай жолдору бар?

- Ал жол менен мүмкүн эмес. Себеби алар айтып атат пенсияны 10 пайызга көтөрөбүз, маяналарды 20-30 пайыздын тегерегинде деп. Бирок бул болбойт. Айыл чарба министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстандын өзүнүн буудайга керектөөсү жылына 840-850 миң тоннанын тегерегинде болот экен. Быйыл биз өзүбүз ала турган буудай ошол цифрадан 88 миң тоннага аз болуп атат. Эгер ушул маалымат туура болсо. Ошол эле убакта сыртка кетип аткан буудай көп. Себеби ички баа ал менен туура болбойт. 10-20 пайыз маянаны көбөйтүү менен бул маселени чечкенге болбойт. Бул үчүн эң биринчиден керектөө менен бар буудайдын санын эсептеп туруп, ошону Казакстандан, чет элден каражатты карап туруп алганга аракет кылышыбыз керек. Андан кийинкиси 2007-2008-жылда эгиле турган буудай тууралуу ойлонушубуз керек, ошонун уругу, майлары, дыйкандарга көрүлө турган жардам жөнүндө ойлонушубуз керек. Анан мамлекеттик сатып алуу бааны ойлоп, азыртан баштап келишим түзүп, жасабай турган болсок эмдиги жылы мындан да жаман болуп калышы мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG