Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

КАРЫБЕК БАЙБОСУН: ДИНИЙ КЫРДААЛДЫ КОЛГО АЛБАСА ЖАРЫЛЫП КЕТИШИ МҮМКҮН


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын маектеши саясат таануучу Карыбек Байбосунов болду.

- Азыр Кыргызстандагы диний кырдаалга олуттуу маани берүү зарыл деген маселе көтөрүлүп жатпайбы. Коопсуздук кеңеши да бул маселени жума күнү талкуулады. Бул маселе исламчыл-экстремисттик күчтөр менен байланыштырылууда. Кыргызстан үчүн бул диний экстремисттик дин маселеси канчалык кооптуу?

- Кыргызстан үчүн дин маселеси кооптонуу туудурушу мүмкүн, эгерде диний агымдардын, диний конфессиялардын жана диний секталардын ортосундагы күрөштү убагында токтотуп калбаса. Жалпы эле глобалдык масштабдан алганда эки чоң идеологиянын ортосунда туруп атабыз. Бири- дүйнөлүк сионизм, экинчиси- дүйнөлүк исламдык идеология болуп атат. Исламдык идеологиянын сионизм менен болгон кармашы 7-8-кылымдардан бери эле келе жатат. Эми ошонун ичинде дагы бир топ диний агымдар тарап кетпедиби. Айтып атышпайбы, Өзбекстандын ислам кыймылы, “Хизб-ут тахрир” жана башка майда бир топ агымдар болуп кетти деп. Ал эми берки тараптан болсо христианчыл адамдардын протестанттык, баптисттик, иеговалык жана башка агымдар кошо кирип кетти.

- Азыр ириде исламчыл-экстремисттик күчтөр деп аталган маселеге көбүрөк көңүл бурулуп атат. Коопсуздук кеңеши кечээ ошону талкуулады. Айрыкча “Хизб-ут тахрир” өңдүү тыюу салынган уюмдар активдешип кетти деп атышат. Мунун себебин сиз эмнеден көрөсүз. Маселен, айрым саясат таанучулар ыраттуу дин саясаты өлкөдө жоктугу менен байланыштырып жатышат. Сиздин пикириңиз кандай?

- Негизи эле бизде дин саясаты боюнча жалаң чала сабат адамдар дин башкармалыгына келип алып жаткандыктан, өкмөт жагын айтып атам, дин маселеси боюнча төрагалардын бардыгы теология, дин маселеси боюнча кабары жок адамдар болгондуктан, бизде дин боюнча таптакыр мамлекеттик ырааттуу саясат болгон эмес жана азыр дагы боло элек. Ошол эле убакта биздин мусулмандардын казыятында дагы ыраттуу иштер болбой атат. Көбүнчө чала сабаттуу агитация, пропаганда болуп, бизде дин маселеси боюнча мамлекеттик деңгээлде чоң саясат боло элек. Депутаттар айтып аткан маселелердин курч болуп аткандыгы ошондон. Эмне үчүн исламчылар, “хизбут тахрирчилер” активдешип кетти, себеби алар абдан ынанымдуу, жүрөккө жакын, жылуу сөздөрдү айтып адамдарды тартып кетип атат. Алардын идеологиясы жеңип кетип атканы ошондон болуп атат.

- Сиз мындан аркы келечек канчалык кооптуу, же коопсуз деп ойлойсуз?

- Бир ооз сөз менен айтканда, диний келечегибиз биздин өтө кооптуу. Мамлекетти коюп эле үй-бүлөдө эки-экиден бөлүнүп жарылып атабыз, башка-башка диндерди кармап кетип. Ошонун айынан көп үй-бүлөлөрдө, айылдарда ынтымак кетип, ырксыздык келип чыгып атат. Район, областардан бери диний маселеде өтө курч кооптуу маселелер бар. Ошондуктан эрте колго албаса жарылып кетиши мүмкүн.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG