Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: КЫМБАТ БОЛСО ДА НАН БОЛСУН


Жогорку Кеңеш 10-сентябрда азык-түлүккө, өзгөчө нанга баанын кымбатташы жөнүндө маселени талкуулады. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев кымбаттоонун себептери, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, бирок баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн билдирди. Өкмөт башчы айрым депутаттар сунуш кылып жаткандай буудайга мамлекеттик монополия киргизүүгө каршы экенин, кымбат болсо нан болуп турганы жакшы экенин баса белгиледи.

А. Атамбаевдин парламенттеги сөзүнө караганда, баа саясатына кийлигишүүгө өкмөттүн чама-чаркы ченелүү. Анткени, кеминде 100 миң тонна буудай жатууга тийиш болгон мамлекеттик резервде, же өкмөттүн кампасында болгону 1 миң тонна буудай калган. Бул абалга жооп берүүчү Мамлекеттик сатып алуулар боюнча агенттиктин башчысы болсо ооруканага жатып алган. Бирок ага карабай өкмөт жакын арада өз жыйынында агенттиктин башчысынын ишин карап, тыянагын чыгарат.

Жалпы азык-түлүккө баанын өсүшүнө токтолгон Атамбаев аны бир нече фактор менен байланыштырды. Алгачкылардан болуп, азык-түлүккө баа дүйнө жүзүндө көтөрүлүп жатканын белгиледи. Андан сырткары буга чейин буудайга баа өтө арзан болгондуктан жергиликтүү дыйкандар аны эгүүдөн баш тартып келген. Бирок жооптуу кызматкерлердин кемчилиги да жок эмес. Анткени жаз айларында эле баанын өсүү тенденциясы байкалса да алар тийиштүү чараларды көргөн эмес.
Мамлекеттик кампаны өкмөт Казакстандан алына турган 50 миң тонна буудай менен толтурууга ниеттенүүдө. Бирок депутаттар аны аз деп, кеминде 100 миң тонна буудай мамлекетик кампасында болуш керектигин эскертти. Буудай көп болуш үчүн эгин аянтарды көбөйтүү сунушуна карата Атамбаев мындай пикирин айтты:

-Эгин аянттарды көбөйтүш керек. Бирок бир эмес, бир топ чаралардын комплексин көрүш керек. Анткени, ошол эле буудайдын баасы, трактор, комбайындардын жоктугу, күйүүчү кымбатчылыгы-баары таасир эткен нерселер. Бул өзүнчө ырбаган нерсе экен.

Көрүлүп жаткан чараларды жетишсиз деген депутат Ахматбек Келдибеков буудайга мамлекеттик монополияны киргизүүнү сунуштады:

-Алмаз Шаршенович, дан азык комбинаттарын монополияга киргизиңиз. Ансыз сизде рычаг жок болот. Башкара албайсыз. Жанагыдай наавайканага алып барып бергениңиз, элге таратканыңыз жемишсиз. Анткени менчик ишкер өзүнө зыянга иштебейт. Ошондуктан буудайга монополия киргизип, бааны коюп коюңуз. Айласы жок. Ошону жасайт.

Премьер-министри өз кезегинде мындай кадам эмнеге алып келерин эскертти:

-Кымбат болсо да нан болсун. Күчкө салып бааны коебуз, биз айткандай болот деп нансыз калышыбыз мүмкүн. Кээ бир кошуна өлкөлөрдүн чоң шаарларында ошондой окуялар болуп кетти. Мына ошондо жаман болот.

Депутат Кубатбек Байболов нандын кымбатташына жол берген кызматкерлердин атын атап, жазалоо зарылдыгын белгиледи. Өкмөт башчы кадрдык өзгөрүүлөр болорун айтуу менен учурда айылдык, райондук жана облустук бийлик бутактарынын, министрликтердин функция, милдеттери талдоого алынып жатканын билдирди. “Жеке адамды жазалоо менен эмес, жалпы системаны өзгөртүүгө басым жасап жатабыз” деп белгиледи өкмөт башчы.

Депутаттар мал ылаңы жана нанга баанын кымбатташына байланыштуу маселени талкууну шейшемби күнү улантат. Эми алар жарыш сөзгө чыгышат. Мына ошондон кийин тийиштүү чечим кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG