Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

ЫCЫККӨЛ КИНОФЕСТИВАЛЫНДА БАШ БАЙГЕГЕ ТАТЫКТУУ ФИЛЬМ БОЛГОН ЖОК


Ысыккөлдө бир жума бою кино ишмерлердин биринчи эл аралык фестивалы өттү. Адистердин айтуусунда 12 өлкөдөн 60 тасма конкурска коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бирок “Алтын түндүккө” татыктуу баш байгеге бир дагы кинофильм чыккан жок.

"Ысыккөл" биринчи эл аралык кинофестивалы Чолпоната шаарында расмийленген учурунда мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров фестивалдын уюштуруу комитетинин төрагасы катары бул чоң иш чарага бир жарым гана ай даярдык жүргөнүн эскерткен эле. Ошондуктан конкурска коюлган кинолордо англис тилинде котормо болбогондуктан кытай киночулары орус тилиндеги кинолорду түшүнбөгөнүн айтып, уюштуруучуларга кине коюшту:

- Калыстар тобу көргөн 60тай тасманын айрымдары бизге түшүнүксүз болду. Англисче кыска субтитр койдурса болмок. Комиссия кинону кабыл алып атканда ушуну эске алса болмок, - дейт Пекин шаарындагы кино музейинин директору Юн Ян.

Бирок Голливуд жылдыздары Орто Азиянын кинолоруна өзгөчө кызыгуу бар экенин белгилешти:

- Бул жер дүйнө боюнча эң кооз жер деп эсептейм. Кино тармагын өнүктүрүүдө силерде балким техникалык айрым жетишсиздиктер болушу мүмкүн. Бирок чыгармачыл топ өтө аракетчил экен. Ошондуктан дагы фестиваль өткөрсөңөр сөзсүз жардам берем, - Одиссейдин образын дүйнөгө мыкты жеткирген Армант Ассанте.

Көлдө жүргөндө Кэри Тагава менен Украинанын режиссеру Валерий Ямбурский болсо биргелешкен кино тартууга макулдугун берди эле, Бишкектеги кинофестивалдын жабылышында Улуу жибек жолу жөнүндө тартылчу тарыхый тасмаларга дагы башкы каармандарды ойноп берүү ниетин билдиришкен.

Ошондой эле Орто Азия кино тартууга эң ылайыктуу аймак экенин белгилеген Кэри Тагава бул жерге дүйнөлүк киностудия ачуу сунуштады эле, бирок ага биздикилер азырынча кол жетпей турганын да белгилешкен:

- Ал ойду Тагава айтып атат. Мен ойлойм бул ой катары эле айтылды, - деди Замир Эралиев.

Бул кино фестивалга Иран, Кытай, Армения жана башка 12 өлкөдөн 60тай кино сынактан өтүп, 9-сентябрда Бишкектен биринчи үч орунга “Күмүш түндүк” сыйлыгы ыйгарылды. Аны Өзбекстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн кинолору алды. Мындай байгелүү орундарга Кыргызстандан Абдыжапаровдун “Боз салкын” киносу да татыган.

Ал эми калган катышуучуларга жана ардактуу коноктор менен башкы демөөрчүлөргө “Коло түндүктөр” тапшырылды. Бирок фестиваль адеп башталганда убада болгон наркы 5 миң доллардан ашык турган “Алтын түндүк” баш байгени эч ким утуп алалган жок. Аягында кинофестивалга катышкан өлкөлөр Кыргызстандын кино тармагын 2007-2015-жылга чейин өнүктүрүү боюнча өз ара макулдашууларга кол койду.

Сүрөттө: Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” фильминен бир көрүнүш.
XS
SM
MD
LG