Акыйкатчы сотко бир нече арыз менен кайрыларын жана ар бир арыз үчүн Турсунбек Акунду 150 миң сом доого жыгарын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыйкатчы болуп шайлангандан бери Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун дайыма жалган жалаа менен сындап келатат. “Бирок Турсунбек Акунга орозо күндөрү бардык басма сөз каражаттарынан менден кечирим суроо мүмкүнчүлүгүн берем”,-деди Т. Бакир уулу. Турсунбек Акун болсо, акыйкатчыдан кечирим сурабай турганын, дайыма акыйкатчы тууралуу чындык айтып келгенин “Азаттыкка” маалымдады. “Сотко бере берсин. Менин саясий рейтингим көтөрүлөт. Мен өмүр бою соттошуп жүргөн адаммын”,-деди Т. Акун. (ZMa)