«Лица» гезитинин башкы редактору Бермет Букашева өткөндө өз гезитине жарыяланган «К.Бакиевдин тайфуну» деп аталаган макааланын чоо-жайы тууралуу сөз кылып, Аксы окуясына К.Бакиевдин эч кандай тиешеси да, күнөөсү да жок деп билдирген Башпрокурордун айткандарына анын да ниетинде чындап эле ишенгиси келерин, ансыз деле буга дейре эле Аксы темасын такыр жаап ташташ керек деп ойлоп жүргөнүн, анткени шейит болгондордун сөөгүн да жөн коюшпай андан саясый чайкоочулук кылгандар күчөгөнүн, анан 24-март революциясынан кийин колуна тийген бул документти гезитке жарыя кылбай эле койойун деп сейфке бекитип салганын кеп кылуу менен, мына ошол өкмөттүн «Тайфун» операциясы киргизилгенден кийинки 18-мартта Үмөталиев менен Бекмуратов өлтүрүлгөнүн, 22 жаштагы Элдиярды «Уазик» автомашинасы менен кубалап жүрүп башка атышканын, дал ошол «Тайфун» аркылуу киргизилген спецназ тарабынан райондун ички иштер бөлүмүнө камалган 200гө жакын жаш жигиттер менен аялдар сабалганын, кыйноого чыдабай Бекмуратов ушул жерден жан бергенин, кыскасы төбө чачты тик тургузган бул окуя агездеги өкмөт башчысы К.Бакиев «Тайфун» протоколу аркылуу «Массалык башаламандыктын уюштуруучуларын таап чыгуу үчүн зарыл чаралар көрүлсүн жана алар кылмыш жоопкерчилигине тартылсын» деп көрсөтмө бергенден кийин болгонун «Агым» гезитинин кабарчысы менен баарлашуусунда баяндады.
Ушул эле гезит аркылуу белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов, Кыргызстанга кытай товарларын эле эмес кытайлыктарды да киргизип атканыбызды, эми алар базарды да, транспортту да, курулушту да ээлеп олтуруп, акырында кыргыздардын өзүлөрүн сүрүп чыгарын кошумчалаган.
«МСН» гезити шаар бийлигине жер басып алуучулар согуш жарыялаганын кабарлап, «Жаңы мезгил» деп аталган партияны кимдир бирөөлөр бул ишке өтө кылдаттык менен багыттап жатканын, өлкөнүн кайыгын ары-бери чайкагысы келгендерди бийлик акыры териштирерин, башка бирөөлөрдүн менчигин басып алгандар менен мыйзам тилинде сүйлөшкөнгө бийликтин кудурети жетерин жазды. Гезит ошондой эле Кыргызстандын эң жогорку күч органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө тил табыша албай келатканын, мунун мисалы катары-Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн УКТ мүчөсү Камчы Көлбаевди Башпрокуратура кезектеги мунапыска такап, болгондо да туулган күнүнө тууралап туруп бошотуп жибергенин кабарлады.
Жер темасына «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити да кайрылып, сыягы келаткан күз менен жер ызы-чуусу кайрадан башталат өңдөнүп калды, «Жаңы мезгил» партия башчысы А.Базаркуловдун айтуусуна караганда Бишкек шаар башчысы А.Ногоев өкмөттүн токтомун аткарбай келатат. Анткени азыркы президент Бакиев өкмөт башчысы болуп турган кезинде жеке менчик турак жай куруп алуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алган. Ушундай эле токтомду Бакиев мындан эки жыл мурун, президент болгондон кийин да алган. Гезит андан ары жер чатагына алып келген бул окуяга өз сөзүндө турбаган Бакиев күнөөлүүбү же токтомго тоскоолдук кылган мэрия күнөөлүүбү, А.Базаркулов анысын так билдирген жок, бирок бийлик алардын талабын аткарбаса согуш жарыяларын ачык айтты деп маалымдады.
Гезит ошондой эле Бишкек шаарынын киши өлүгүн сактоочу жайларда дайыма аты-жыты белгисиз, эчким сурап келбеген 100гө жакын өлүк жатарын, тууган-туушкандары сурабаган же сөөгүн алып кеткиси келбеген мындай өлүктөрдүн көбү кургак учук жана жин ооруларын дарылаган ооруканалардан келип түшөрүн, морг кызматкерлери мындай дайны дарексиз өлүктөрдөн ай сайын 15 тен жерге жашырып турарын… ошол эле учурда болочок медиктерге окуу куралы катары колдонуу үчүн киши сөөгү жетпей жатканын, Саламаттык сактоо министринин «сөөк сурап» кайрылган өтүнүчүн жакында депутаттар четке какканын, Гиппократтын антын алып ак халат кийген «медик-бизнесмендер» керек болсо операцияда жаткан аялдын кулагындагы алтын сөйкөсүн да чыгарып алгандан кайра тартпай калганын, коррупция деген балээ ооруканаларда да орноп бүткөнүн, ал эми окуу куралы катары медиктер өлүм жазасына же өмүр бо түрмөгө кесилгендердин сөөгүн алуу боюнча макулдашып бир чечимге келсе болорун сунуш кылган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ