Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:13

ОРУСИЯДА «АЯЛДЫН БОЮНА БАЛА БҮТҮРҮҮ КҮНҮ» ПАЙДА БОЛДУ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда азыркы тушта баланын төрөлүшү болуп көрбөгөндөй аз чекке жеткендиктен Кремль демографиялык маселеге айрыкча маани бере баштаган. Үстүдө жылы жайында Кремлдик «Наши» жаштар кыймылы эс алуу лагеринде жүргөндө аларга кантип калктын санын арттыруу үгүтү жүргүзүлгөн. Лагерь аяктаганда эс алгандар ичинен 70 кыз-улан баш кошуп кайтышкан. Ал эми Ульяновская областынын губернаторунун көргөзүүсү астында ар жылы 12-сентябрде «аялдын боюна бала бүтүрүү күнү» белгиленчү болгон. Анализчилер болсо калк арасындагы жакырчылык, аракка берилүүчүлүк жана тамеки чегүү баланын төрөлүшүн азайтып атканын айтышат. Ошондуктан чукулку он жылда Орусиянын калкы дагы бир миллионго азая тургандыгын белгилешет.

Ульяновская облусунун губернатору Сергей Морозов балдарды көп төрөтүү демилгесин көтөрүп атат. Өзүнүн аймагында 12-сентябрди «Мекенге» деген ат менен аялдардын боюна бала бүтүрүү күнү деп жарыялаган. Анын жыйынтыгын ал 9 ай өткөндөн кийин чыгарат дешет. Ошондо ал күнү губернатор төрөлгөн балдардын эне-атасына сыналгы, муздаткыч, музыкалык борбор ж.б. сыйлыктарды тапшырат дешет.

Андай сыноо мурунку жылы өткөрүлүп, натыйжада быйылкы 12-июнь күнү, баса бул - Орусиянын Күнү - губернатор төрөт үйлөрүн кыдырып балдардын арбын төрөлгөнүн көрүп ыраазы болгон.

Үстүдө жылы жүргүзүлгөнү аткан ал тажрыйбанын жыйынтыгынан кийин Морозов мырза Кремлге 12-сентябрди Орусиянын «аялдын боюна бала бүтүрүү күнү» деп жарыялоо сунушун киргизмекчи деп айтышат.

Герцен атындагы университеттин окутуучусу, Ирина Хоменко айтканга караганда Кремл кожоюну балдарды кантип туудуруш ыгын үйрөткөндөн көрө баланы кантип багуу камын жеши керек. Бала туулгандан тартып аны менен олтурар киши табылбайт. Ата менен эне, чоң эне, таяне -баары жанын багыш үчүн кечке иште:

«Биздин демографиялык үгүттөрүбүз таптакыр кур чакырык. Эмне дегенде биздин жетекчилер баланы тууса эле ал өзүнөн өзү тарбияланып, багылып, чоңоюп калат деп ойлошот».

Дейли Мейл (Daily Mail, 30 июль 2007) жазганга караганда 10000 чукул «Биздикилер» кыймылынын жаштарына быйыл эс алуу маалында кыз менен жигиттин жакындашуусу кандай болушу керектигин үйрөнүү сабагы өткөн. Орусиялык саясий төбөлдөр алардын жардамы менен улутту кыйын кезеңинен кутултуу аракетин жасап атат деп жазат.

«Газета» жазганга караганда былтыркы январдан июнга чейинки алты ай арасында 142 миң бала төрөлгөн. Бул СССР урагандан кийнки жылдары жетишкен өлкөдөгү эң чоң ийгилик деп айтылат.
Баса советтик «Баатыр эне» наамын ондон ашуун бала тууган аялга ыйгарышчу, бирок ымыркайлар жетишсиздиги ал кезде байкалчу эмес эле.

Ульяновская обулусунун жетекчиси көтөргөн демилге боюнча 12-сентябрь – шаршембиде бала боюна бүтүрүү жарышына катышууну каалайсыңбы деген суроого, Казан калаанын тургуну, Элвира:
«Жок, анын мага кереги жок. Мага бала качан керек болгондо, кудай буюрган учурда төрөйм. Мен баланы акча үчүн да белек үчүн да эмес өзүмө ылайык көргөн учурда төрөйм», - деп жооп айткан.

Анализчилер арасы болсо эмне үчүн Орусияда бала аз төрөлчү болду деген суроого «ага бала аз төрөлгөндүк эмес кишилердин кезексиз көп өлүшү себепкер» - деп айтышат. МГУнун илимпозу Валерий Елизаров пикири боюнча, эгерде бала туулушу менен кишилердин өлүшүн салыштыра келсек, анда бул жылдар арасында өлгөндөр эсеби 12 миллион кишиге чукул. Мына ушул, аябагандай кыйроонунун 5 миллиондон көбүрөөгү башка жактан ооп келгендер эсеби менен кайра толукталган. Ал эми 6,5 миллионго чукулу – таптакыр калктын санынын кыскартылышы болуп орду толбой кала берген.

XS
SM
MD
LG