Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

ТАЖИКСТАН: АЗЫРКЫ ӨКМӨТ ИСЛАМГА КАРШЫБЫ?


Кыргызстандагы диний кырдаал өткөн аптада өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде талкууланса, коңшу Тажикстандын бийликтери жакында башкаала Душанбеде эле 300дөн ашуун мечитти жабышты. Мунун алдында эле өкмөт мектептерде кыздардын хижабчан же жүзүн жашырып жүрүүсүнө тыюу салып, имамдар үчүн милдетүү сынак киргизген эле. Тажик өкмөтүнүн мындай кадамдарын колдогондор да, сынга алгандар да бар.

Мечиттер менен катар имамдардын ишин иликтөө Тажикстанда бүткүл өлкө боюнча жүргүзүлүүдө. Маселен, Кыргызстанга чектеш Согди облусунда эле жергиликтүү бийликтер 350дөй мечитке талапка ылайык лицензия алуусу үчүн мөөнөт белгилеп, болбосо жабыларын эскерткен. Ал эми өлкөнүн чыгыштагы Ванж районунда Мавлави деген исламчыл топтун ишине тыюу салынды. Ал эми Коргонтөбө шаарында 13 мечиттин катталуу документтери прокуратура тарабынан текшерүүгө алынган.

Каландар Садриддинов – Коргонтөбөдөгү мечиттердин биринин имамы. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун тажик кызматына берген интервьюсунда, мечиттердин катталышы үчүн өтө татаал процедура киргизилгенин белгиледи. Катталуудан мурда өрт өчүрүүчү кызмат өңдүү бир нече мекемеден уруксат алуу зарыл:

-Биз 12 мекемеден уруксат алышыбыз керек. Мечитти каттатаарыңызды укканда бул мекемелердин адамдары шектенүү жана кыжырдануу менен карайт.

Каландар Садриддинов кошумчалагандай, ал өзү имамдык кылган мечитти каттоодон өткөрүү үчүн алты ай убакыт короткон.

Ал эми башкаала Душанбеде азыркыга чейин каттоодон өтпөгөн 300дөн ашуун мечит соңку эки айдын ичинде жабылды. Шаардык мэриянын айтымында, убактысынча мечит катары кызмат кылып келген ал курулуштардын баары эми турмуш-тирчилик багытында пайдаланылат. Айрымдары дароо эле сулуулук салонуна, полиция кеңсесине айланды. Шаар бийликтеринин ырастоосунда, азыр Душанбеде каттоосу бар 57 гана мечит калды. Катталбаган мечиттердин кеминде экөөсүнүн имараты буздурулду.

Бул окуялардын алдында быйыл август айында тажик бийликтери имамдар үчүн милдеттүү сынак киргизилген эле. Сынактан өтө албаган имамдардын кеминде төртөөсү жумуштан айдалган.

Тажикстандын айрым белгилүү дин ишмерлери өкмөттүн мындай кадамын исламга каршы багытталган иш чара катары баалашып, мындай көрүнүш коомдун нааразылыгын пайда кылуу менен күтүлбөгөн кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин эскертишти. Бирок баары эле мындай көз карашты бөлүшпөйт.

Сухроб Умаров - мамлекеттик мекеме - Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Душанбедеги борбордун эксперти. Анын айтымында, кезинде жүздөгөн мечиттер коопсуздуктун элементардык эрежелери сакталбастан мыйамсыз курулган. Өкмөттүн аракети жөнөкөй эле, башка мекемелер сыяктуу аларды да каттоодон өткөрүү, ал эми айрым ишмерлер баарын эле саясатка байлап жатышат:

- Мечиттерди каттоонун башкы себеби - өкмөт иштеп жаткан мыйзамдар менен эрежелер сакталышын көздөөдө. Мындан сырткары, жер - мамлекеттин менчиги, тигил же бул жерде мечит куруунун алдында өкмөт менен акылдашуу керек. Каттоонун негизги себеби ушул.

Бүткүл Тажиктандын аймагында 3000ден ашшун мечит бар деп эсептелинет. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, азыр да алардын көбү каттоосуз иштөөдө.

Эксперттердин кээ бирлери мечиттер менен имамдарды текшерүүнүн күчөшү өлкө үчүн кооптуу көрүнүш - диний экстремизмге каршы күрөштүн бир бөлүгү деп эсептешет.

Анткен менен Душанбедеги "Диалог" иликтөө борборунун эксперти Хикматулло Сайфуллозода өкмөттүн катаал турумун диний экстремизм менен терроризмден чочулоого эмес, жөн гана элдин такай топтолуп туруусунан кооптонгонуна байланыштырат:

- Бийлик ар бир күнү кечте, мечитте көптөгөн адамдардын жыйналуусунан чоочулайт. Себеби, коомдун түрдүү катмарын түзгөн адамдар такай чогулган кезде, алар өлкөнүн саясий, социалдык жана экономикалык маселелерин талкуулабай койбойт.

Мечиттерди кайра каттоо менен имамдардан сынак алынышын Душанбенин өзүндө дин ишмерлерин баары эле жапырт сынга алышкан жок. Имамдардын көбү муну аларды кемсинткен жана керексиз иш катары баалашса, кээ бирлери өкмөтүн чечими кайсыл бир деңгээлде түшүнүктүү экенин айтышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG