Түндүк альянстын адистери кечээ башталган иш сапары учурунда коргонуу жана коопсуздук саясаты, аскерий пландаштыруу өңдүү маселелерди талкуулары болжолдонгон. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, НАТОнун “Тынчтык үчүн шериктештик” программасынын пландоо жана тандоо жараяндарына Кыргызстандын кирүүсүнө байланышкан маселе жабык эшик артында талкууланууда. Кыргызстан тараптан ага Коргоо, Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрликтеринин, Коопсуздук комитетинин, чегара кызматынын өкүлдөрү катышууда. Делегацияны НАТОнун аскерий күчтөрүн пландоо боюнча башчысы Френк Боланд жетектеп жүрөт. Делегация ишин эртең аяктаары болжолдонууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан Айзада Игибаева маалымдады. (ZMa)