Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

ЭКИ ГЕНЕРАЛ КИМДИН КУРСАГЫН ТОЙГУЗУУДА?


«Тайфун» операциясы далай «сырдын» башын ачары белгилүү болуп калды, бирок учурда Аксы окуясына байланыштуу алты адам гана күнөөлөнүп, калгандары (А.Акаев, К.Бакиев, Т.Акматалиев ж.б.) тууралуу сөз болбой жатышы бул иштин андан ары татаалданышына алып келерин айтышат байкоочулар. Алардын ою боюнча ушул «жүрүштөрдүн» баары убактылуу гана «аксылыктарды жоошутуп туруу» үчүн жасалууда. Азыркы бийлик турганда Аксы окуясына адилет баа берилиши мүмкүн эмес…

Бүгүн жарык көргөн «Дело №…» гезитине ички иштер министринин бир кездеги орунбасары, азыркы күндө Аксы окуясына байланыштуу айыпталып аткан генерал Садырбек Дубанаев «Тайфун» операциясы тууралуу айтып чыкты. Дубанаев мырза аны Баш прокурaтура «Тайфун» планын 2002-жылдын 6-апрелинде киргизүү жөнүндө көрсөтмө берип, документти кийин 2002-жылдын 17-марты деп оңдоп койгон деп күнөө койгонун, бирок өкмөттүн мына ошол «Тайфун» планынын протоколу «Лица» гезитине жарыялангандан соң Баш прокурaтуранын позициясы кескин өзгөрүп, «Тайфун» планы чын эле 17-мартта саат 2де киргизилген деп сүйлөп баштаганын белгилеп, «Тайфун» дагы, «Буран» дагы Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн начендиги Д. Кулуев тарабынан киргизилгендигин, ошол кездеги оперативдүү абалга байланыштуу Жалал Абад облустук милийса кызматкерлеринин күчү жетпестиги сезилери менен 17-марттагы өкмөттүн көрсөтмөсү кабыл алынып, аны жүзөгө ашыруу иши министр Темирбек Акматалиевге жүктөлгөнүн сөз кылат. Генерал Дубанаев мырза андан ары баш прокурор Аксы окуясына өкмөт күнөөлүү эмес дейт дагы ошол эле учурда өкмөткө түздөн түз баш ийген күч органынын өзүнө окшогон бир чиновнигин айыптап атканын, Э.Сатыбалдиев ошону менен бирге эле «Агым» гезити аркылуу коомчулукка агездеги министр Т.Акматалиев кызматка жаңы эле дайындалгандыктан окуядан алыс болгон дегендей туура эмес маалымат бергенин, а чынында президенттин буйругу менен Акматалиев министр болуп 2002-жылдын январь айынын башында дайындалганын, Аксы окуясы Акматалиев министр болуп иштеп тургандан 3 айдан кийин чыкканын, «Агымдагы» интервьюсу аркылуу буга чейин аны күнөөлөп аткан фактыны өзү кайра жокко чыгарып анын коргоочусуна айланган баш прокурор Э.Сатыбалдиевге учурдан пайдаланып ыраазылык билдирип койгусу келгенин айтып чыкты.

Гезит мындан тышкары президент К.Бакиевдин Кочкор районунун окуучуларына белек кылып берген автобусу жүрүүгө жарабай турган автобус болуп чыкканын, окуучулар мектепке чейинки узак жолду мурдагыдай эле жөө басуу менен арытып жатканын, Кочкордогу жер титирөөдөн кыйраган үйлөрдүн ээлерине төлөп беребиз деп убада берген өкмөттүн сөзү ошол бойдон аткарылбай кала бергенин кабарлап, ал эми казак президенти Н.Назарбаев Актау деп аталган порт шаарын кайра куруу үчүн 20 миллиард доллар инвестиция салынарын жар салганын «Интерфакс» маалымат булагына шилтеме кылуу менен маалымдады.

«Белый пароход» гезити дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн баары өздөрүнүн агрардык тармагына ар дайым казынадан каражат бөлүп турарын, агрардык тармак деген рыноктук эмес бюджеттик тармак экендигин, маселен рыноктун түшүн жоруган Жапон жана Финляндия өлкөлөрү айыл чарбасын 80 пайызга дейре дотацияларын же ар бир фермерге 30 миң долларга чейин жардам берерин, АКШ болсо жыл сайын айыл чарбасы үчүн 100 миллиард доллар дотация берип турарын белгилеп, ал эми Кыргызстандын бүгүнкү бийлиги туу туткан система сакталып турганда мамлекеттин позициясын чыңдоо деген ой кезектеги фарска айланарын, болгону менчикти кайра бөлүштүрүү «талоонун» Акүй администрациясына жакын адамдар гана бөлүп алып тындым болушарын, эл байлыгын талап-тоноо эч качан токтолбосун, мамлекетти чыңдоо иши мына ушул саясый система алмашкандан кийин гана, бүгүнкү бийликте тургандардын ордуна башка адамдар келгенден кийин гана иш жүзүнө ашат деп баяндады.

Ушул эле гезит сентябрдын жыйырма жетисинде Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгондор үчүн кыргыз тилинен экзамен берүү деген эрежени жокко чыгаруу үчүн кол топтоо башталарын, мындай демилгени Сергий Родоженский жана Айкөл Манас деп аталган фонд өкүлдөрү көтөрүп чыкканын кабарлап, Кыргызстандын динамикалуу өнүгүшүнө дал ушул тил дубалы тоскоол болуп жатканын, кийинки президенттик шайлоодо өлкө экиге бөлүнүп кетүү коркунучуна барып такаларын, анткени негзиги күрөш Түндүк-Түштүк ортосунда жүрөрүн, ошондуктан кыргыз тилинен экзамен берүү дегенди алып таштап, президенттик жарышка башка улут өкүлдөрүнүн бактысын сынап көрүүгө да мүмкүндүк берүү кезеги келди деп эсептешет демилгечилер дейт гезит.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG