Карасуу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтү жыл башында Медресе кыштагынын жыйырма тургунуна жер участогун ажыратып берген. Бирок, алар жергиликтүү бийлик болгон жерге шарты катаал деп барбай коюшкан. Эми ошол адамдар Фуркат мал базарына жакын 1,5 гектар аянтты басып алып, ушул жерди энчилеп бересинер деп көгөрүп олтурушат. Медресе айылынын тургуну Зунду Болотов айласыздан ушундай кадамга барышкандыгын билдирди.
Жер басып алгандардын бири Мастан Кадырова да айыл өкмөтү жерди тартып бербесе, тарабай турушкандыгын туйдурду.
Медреселиктер басып алган аянт Фуркат мал базарына таандык экен. Бул мекеменин директору Ырыспай Жолдубаев өз менчиги үчүн күрөшөөрүн айтып, азырынча чуу кылгандарды мыйзамды сыйлоого чакырды.
Элге жолуккан Карасуу районунун акими Токтосун Барманов маселе көнүл борборунда тургандыгын, минтип топтошуп калкты козутуунун кажети жоктугун, тартипке көнбөгөндөргө карата курал колдонулаарын эскертти.
Ошентсе да, райакимдин демилгесинин негизинде жер басып алуучулардын талабы боюнча комиссия түзүлдү. Ал орган Фуркат мал базарына тийиштүү жерлерди кайрадан териштирип, эгерде чындап ашыкча аянты билинсе, аны Шарк айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берип, ошонун эсебинен жер басып алгандардын маселесин чемей болушту.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, Ош