«Арнамыс» партиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун атына кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда конфедерация түзүү боюнча демилгечи топтун тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганына туура үч айдын жүзү болгону, бирок бийлик демилгечи топтун баш мыйзамда жазылган укуктарын бузуп, аларды каттабай жатканы айтылат. Ошондой эле демилгечи топ төрагадан кайсыл мамлекеттик орган аларды каттай турганы тууралуу жооп берип коюусун өтүнөт. «Эгер дагы деле каттабай, жолтоо боло беришсе мыйзам чегинде иш-аракеттерге барабыз»,- дейт Эмил Алиев. (IJz)